Кош бойлуу аялды коштоп жүргөн доула деген ким?

© Sputnik / Жоомарт УраимовПомощница при родах, доула Жамиля Уметалиева
Помощница при родах, доула Жамиля Уметалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аялзаты кош бойлуу кезинде өзгөчө сулуу, келишимдүү, ошол эле учурда болор-болбоско жинденип, сабыры суз болуп калат. Мындай учурда аялзатына тиешелүү көңүл бурулушу керек деп айтылат.

77 жаштагы залкар нейрохирург, профессор Миталип Мамытов маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Миталип Мамытов: мээсине арматура кадалып, башына айры сайылып келгендер жашап жүрөт
Бир жыл мурун Кыргызстанда доула кызматы пайда болуп, учурда бул жаатта төрт кызматкер иштеп жатат. "Доула" грек тилинен которгондо "кызматчы" дегенди билдирет. Алар аялзатынын боюнда бар маалдан тартып ага төрөт учурунда, төрөттөн кийин жардам көрсөтүшөт.

Журналист Гүлдана Талантбекова доула кызматын аркалаган Жамиля Уметалиеваны кепке тартып, бул кесип тууралуу кененирээк билип көрдү.

— Жамиля, алгач доула кызматы тууралуу айтып берсеңиз?

— Доула бул — жардамчы дегенди билдирет. Биз кош бойлуу аялдарга, төрөт убагында жана төрөттөн кийин эмоционалдык, психологиялык жактан жардам көрсөтөбүз. Доула кызматы бизге Батыштан келди. Ал жакта пайда болгонуна деле он жылдын жүзү болуптур.

Бирок доуланын өзөгү кыргыздарда калыптанган. Боюнда бар келиндерге, алардын төрөтүнө илгертеден эле апалар, эже-сиңдилер түрдүү кызматтарды көрсөтүп келишкен. Унутулуп калган нерсе убакыттын өтүшү менен кайра келет деген түшүнүк бар. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовДоула Жамиля Уметалиева: доула бул — жардамчы дегенди билдирет. Биз кош бойлуу аялдарга, төрөт убагында жана төрөттөн кийин эмоционалдык, психологиялык жактан жардам көрсөтөбүз
Помощница при родах, доула Жамиля Уметалиева - Sputnik Кыргызстан
Доула Жамиля Уметалиева: доула бул — жардамчы дегенди билдирет. Биз кош бойлуу аялдарга, төрөт убагында жана төрөттөн кийин эмоционалдык, психологиялык жактан жардам көрсөтөбүз

— Доула аялдарга кандай багытта жардам көрсөтө алат?

— Көбү доуланы акушердин кызматы менен чаташтырып алат. Бизде атайын медициналык билим жок. Тагыраагы, диагноз коюп, дары жазып бере албайбыз. Кош бойлуу айымдарга психологиялык жактан жардам көрсөтөбүз, массаж жасайбыз, дем алуусуна көмөктөшүп, маалымат жактан колдоо көрсөтөбүз. Кандай гана учур болбосун, туура чечим кабыл алууга жардам беребиз, бирок жеке оюбузду таңуулабайбыз.

Врач-хирург высшей категории Болот Иманов - Sputnik Кыргызстан
Дарыгер Болот Иманов: ашказан, ичеги ооруларына жаштар көп кабылууда
— Сиз кантип доула кесибин аркалап алдыңыз?

— Бир тууган сиңдимдин төрөтүнө катышкам. Ошондо кош бойлуу аялдарга моралдык жактан колдоо, жардам зарыл экенин түшүндүм. Анан бул кесипке кызыгып интернеттен маалыматтарды издей баштадым. Орусияда атайын доулалардын ассоциациясынын төрт айлык онлайн курсун окудум. Окуунун 70 пайызы психологиялык жардам, калган бөлүгүн гинекологиялык негиздер түздү.

— Өзүңүз да доуланын кызматын пайдаланып көрдүңүз беле?

— Жашым 35те, үч баланын энесимин. Эки баламды төрөгөндө жолдошум төрөткө катышкан эле. Ал эми кичүү кызыма 6 ай болду, аны төрөгөндө кесиптешим Ксения Литвинова коштоп кирген. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовДоула Жамиля Уметалиева: биз кош бойлуу айымдарга психологиялык жактан жардам көрсөтөбүз, массаж жасайбыз, дем алуусуна көмөктөшүп, маалымат жактан колдоо көрсөтөбүз. Кандай гана учур болбосун, туура чечим кабыл алууга жардам беребиз, бирок жеке оюбузду таңуулабайбыз
Помощница при родах, доула Жамиля Уметалиева - Sputnik Кыргызстан
Доула Жамиля Уметалиева: биз кош бойлуу айымдарга психологиялык жактан жардам көрсөтөбүз, массаж жасайбыз, дем алуусуна көмөктөшүп, маалымат жактан колдоо көрсөтөбүз. Кандай гана учур болбосун, туура чечим кабыл алууга жардам беребиз, бирок жеке оюбузду таңуулабайбыз

— Кыргызстанда доула кызматына суроо-талап кандай?

Медицина жана ойлоп табуучулук. Сабыр Жумабековдун операциясы - Sputnik Кыргызстан
Медицина жана ойлоп табуучулук. Сабыр Жумабековдун операциясы
— Азырынча андай жогору эмес. Бишкекте ушу тапта төрт доула бар. Биздин иштей баштаганыбызга бир жыл эле болду. Жогоруда айтып кеткендей бул биздин салтыбызда бар нерсе. Илгертеден эле кош бойлууларга жакындары жардам берип келген. Батышта бул кызмат он жыл мурун пайда болду. Бирок алардын өзөгүндө мындай жардамдашуу толук түрдө болгон эмес. Андыктан биздикилер доула кесибин чочулабай эле кабыл алышат.

— Силерди төрөт үйүнүн дарыгерлери кандай кабыл алат?

— Бизде негизи өнөктөш менен көз жарууга уруксат берилген. Төрөтканага барганда доуламын дебей эле, кош бойлуунун сиңдиси же досумун деп айтабыз.

— Акысы канча турат?

— Бишкекте доула кызматын көрсөткөн төрт кыз болуп кызматтын баасын 10 миң сомдун тегереги деп сүйлөшкөнбүз. Бул баага ар бир кардарга индивидуалдык мамиле көрсөтүлөт.

— Силерде иш графиги кандай?

— Кош бойлуунун каалоосуна жараша. Төрөткөнгө чейин жолугушуулар болуп турат. Адатта толгоосу башталганга чукул барабыз. Мен эки аялды төрөтүп, 4-5 саат жүргөм. Экөөнүн тең биринчи төрөтү экен. Кээде биздин кыздар суткалап жүрөт.

— Алдыда кандай пландарыңар бар?

— Доула кызматын аркалаган кыздар болуп атайын борбор ачалы деген ой-максаттарыбыз бар. Ал жакта атайын кызыккандарга доула кесибин үйрөтүп, элге жайылталы деп ойлоп жүрөбүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0