Кыргызстанда үч эмдердин саны көбөйдү

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүРабота клинического родильного дома в Великом Новгороде
Работа клинического родильного дома в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кош бойлуу келин төрөт үйүнө кечээ саат 16.00дө келип, 25-апрелде көз жарган.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Бүгүн Бишкек шаарында Аида Батыралиева аттуу келин үч эм төрөгөнүн мэриядан кабарлашты. 

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаарында Аида Батыралиева аттуу келин үч эм төрөгөн
Рождение тройни в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарында Аида Батыралиева аттуу келин үч эм төрөгөн

Маалыматка караганда, үч ымыркайдын жытын искеген эне 34 жашта.

"Эки уул, бир кыз операция жолу менен жарык дүйнөгө келди. Биринчи төрөлгөн кыздын салмагы 1668 грамм, экинчи баланыкы 1665, үчүнчүсүнүкү 1645 граммды түздү", — деп айтылат маалыматта.

Учурда эне менен балдардын абалы канааттандырарлык экени белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0