Карыбаева журналист Гүлдана Талантбекова менен болгон маегинде алып баруучу жөн гана даяр маалыматтын ээси эмес экендиги жана жумушунун түмөн түйшүгү, артыкчылыгы тууралуу айтып берди.
— Көпчүлүк журналист десе эле жаркылдаган алып баруучуларды элестетишет. Мен дагы журналистика факультетине тапшырдым десем, "качан эфирге чыгасың" деген суроолордун аягы суюлган эмес. Сизге күн сайын көгүлтүр экранга чыгуу бакыт болсо керек?
— Жумушумдун күйөрманымын. Кичинекей кезимде бөлмөнүн ичин студия кылып жасап, жаныма эжемди отургузуп алып интервью ала берчүмүн. Кудай жаштын тилегин берет экен. Журналистика факультетине тапшырышыма чоң атам, журналист, акын-жазуучу, тарыхчы, Ысык-Көлдөн чыккан "Садыр Акени" жазган Акмат Карыбаевдин таасири, кеп-кеңеши түрткү болду окшойт. Ата-энем төрт жашымда эле ошол кишилердин колуна беришиптир.
— Анан көгүлтүр экрандын жүзүнө кантип айландыңыз?
— Окуу жайдан алып баруучулукка кастинг жүрүп жатат деп калышты. Кастингден өткөндөн кийин телеканалдардын бири эки жума дүйнөлүк кабарларды даярдатып, беш мүнөттүк эфирге жаздыруу жолу менен чыгарып башташты. Көп өтпөй он мүнөттүк түз эфирге чыктым. Он мүнөт он жылдай сезилип кетчү. Бир топ кыйынчылыктар, катачылыктар болду. Ошондо алып баруучулук жумуш өтө жооптуу, кыйын кесип экендигин түшүндүм.
— Бир нерсени моюнга алсаңыз. Алып баруучу болуш үчүн адатта өң-келбет биринчи кезекте маанилүү, туурабы?
— Теле сулуулукту сүйөт. Алып баруучу эл алдында жагымдуу болууга милдеттүү. Камера дагы алдамчы. Сулууларды деле серт, толмочун көрсөтүп коюшу мүмкүн. Эфирден жетекчилер арыкта, форманы сакта деп көзөмөлдөп турушат. Өзүмдү биринчи жолу камерадан көргөндө ушунчалык маанайым түшкөн. Ал эмес үнүмдү укканда эмнеге үнүм мындай деп өзүмдү жемелегем. Үнүм жоон. Бирок кеп анда эмес. Мыкты үн коюлуш үчүн интонацияга, туура дем алууга, дикцияга көңүл буруш керек. Мен үнүмдү коюш үчүн бери жагы 3-4 жыл убактымды жумшадым. Бир эле убакта иштеп дагы, өзүмдү тарбиялап да жаттым.
— Башында жардам берип, устат болуп бергендер болдубу?
Учурда социалдык тармактан жаш кыздар алып баруучу болот элем деп кеңеш сурап калышат. Үйрөнөм дегендерге колум ачык, көргөн билгенимди үйрөтүүгө даярмын.
— Азыр телевидениеде иштеш үчүн тааныш-билишиң болуш керек деген түшүнүк бар эмеспи?
— Телевидение убакыттын өтүшү менен кимдин ким экендигин көрсөтүп коет. Таанышың бар, талантың жок болсо иштеп кетүү кыйын.
— Теле талаасында атаандашуу күчтүү деп айтып калышат?
— Атаандашуу жакшы эле нерсе. Ал сени алдыга талпынтып, стимул берет деп ойлойм. Бирок иште буттан чалууну акмакчылык катары эсептейм. Менде деле акмакчылыкка кабылган учурларым болгон.
— Азыр бул суроомо сиз теригишиңиз мүмкүн. Дикторлук кесипти "сүйлөй турчу баш", башкача айтканда даяр маалыматтын ээси деп коюшат?
— Жумушуңуздун артыкчылыгы эмнеде?
— Телевидение аркылуу өзүмдү таанытууну деле көздөбөйм. Болгону телеге чыккан сайын анын аурасы менен жан дүйнөмдү азыктандырам. Жан дүйнөңө жаккан кесип болсо жүрө берет экенсиң. Айлык акы аз экендиги бардыгына эле маалым.
— Иш учурунда кызыктуу учурларга да кабылсаңыздар керек?
— Кызыктуу учурлар көп. Убагында кабылганда ыңгайсыз болуп, кийин эстеп күлүп калабыз. Эфирди экиден киши алып барганда, кесиптешим Канат Абазбеков экөөбүз сөз талашып, анан күлкүбүз келип улантып кетебиз. Башка бир телеканалда иштеп жүргөндө үстүмдөгү лампа жарылганда чочуп кетип бир секунд токтоп туруп улантып кеткем. Кээде кырк мүнөттүк эфирде ушунчалык ысып же үшүп кетесиң. Үн режиссеру сюжет кетип жатканда үндү жаап койду го деп ойлоп, ашыкча сөздөрдү сүйлөп жиберген күндөр болот. Дача айылына учак кулаганда менин атыма, фамилияма окшош үч жаштагы кыз каза болуптур. Өзүм ал эфирди алып барган жокмун, бирок графикадан анын аты кеткен сайын, жаман болуп жаттым.
— Бир жума боюу манты жей берсең деле тажайсың. Ошол сыяктуу теледе иштегенде ар бир эфир сайын кийим алмаштырганга да туура келет деп айтышат?
— Жашырбайм, менин көп деле костюмум жок. Кээде тиктирип, кээде дүкөндөрдөн сатып алам. Гардеробумда ак, кара жана боз түстөгү кийимдер көп. Бул менин каалоом. Бирок, редакция талап кылган кийимдерди да киебиз. Күн сайын түрлөнүп кийинүүнүн кажети жок деп ойлойм. Диктордун башкы милдети жаңылыкты жеткирүү болушу керек. Бирок алмаштырып турбасаң да элдин көзү тажап бүтөт. Ошентсе да көрөрмандардын табити ар башка. Бири диктордун кийимине, сүйлөгөнүнө, кээ бири алып барганына, боенгонуна карата баа берет.
— Учурда улуу муундагы дикторлордун имиджинен тарта, сүйлөгөнүнө чейин бир калыпка түшкөн, биз аларды караңгыда деле үнүнөн таанып калбадыкпы. Сиздин стилиңиз кандай, имиджиңизди таптыңызбы?
— Менин стилим, сүйлөгөнүм, алып барганым жөнөкөйлүккө басым жасайт. Стилимди толук түрдө таба элекмин, изденүүнүн үстүндө жүрөм десем болот. Бир жагынан алып баруучу дайыма имиджин өзгөртө берүүгө болбойт. Көрүүчүлөр анын чачынан, кашынан же башка бир жеринен жазбай таанышы керек.
—Өзүңүздү сулуумун деп эсептейсизби?
—
— Сулуулугуңузду кантип багасыз?
— Салондон башым чыкпагандардын катарында эмесмин. Кымбат деле боенгучтарым жок. Бул деле акча каражатын талап кылат. Үйдөн элдик ыкма менен териме, келбетиме кам көрөм. Форма жагынан айтсам спорт менен машыгып, мүнөздөп деле тамак ичкен жокмун. Мурун азыркы келбетимен толук болчумун, жумуш көбөйгөндө арыктадым. Мындайча айтканда түйшүктөн арыктайт экенмин.
— Иштеген киши эс алганды да билиши керек дейт. Кантип эс аласыз?
— Жашоодогу эң кымбатым, байлыгым, маңызым, сырдашым болгон адамым бар. Ал алты жаштагы кызым — Жаннат. Адам балалуу болгондон кийин жашоосунда чоң бурулуш болот экен. Бизде жумуш оор, дайыма өзүңө кам көрүшүң керек. Мен болсо кызым үчүн кам көрүп, ооруп калбайын, оорусам кызым каралбай калат деп тынчсызданып турам. Бош убактымдын баарын кызыма жумшаганга аракет кылам.