Эреже бузган кортеж. Бишкекте унаалардын тобу жолдун каршы тилкеси менен жүргөн

© Sputnik22-апрель күнү жол эрежелерин бузуу менен Бишкектин көчөлөрүн аралаган кортеждин видеосу
22-апрель күнү жол эрежелерин бузуу менен Бишкектин көчөлөрүн аралаган кортеждин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым маалыматтарга караганда, мындай көрүнүш 22-апрель күнү үлпөт той учурунда болгон.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кечээ, 22-апрель күнү жол эрежелерин бузуу менен Бишкектин көчөлөрүн аралаган кортеждин видеосу Instagram социалдык тармагына жарыяланды.

Девушка прокатилась на капоте автомобиля в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Күбө: Бишкекте чак түштө кыз BMW унаасынын капотуна отуруп алып шаар аралады
Видеодон терезелери караңгылатылган автоунаалар атайын сигналдарды жандырып, карама-каршы тилкеде жүрүп баратканын байкоого болот. Бир нече унаанын мамлекеттик номуру дагы жок.

Айрым маалыматтарга караганда, мындай көрүнүш 22-апрель күнү үлпөт той учурунда болгон.

Бул боюнча Бишкек кайгуул милициясы азырынча маалымат бере элек.

Белгилей кетсек, мыйзам боюнча жарандык унааларга атайын сигналдарды колдонууга жол берилбейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0