БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кечээ, 22-апрель күнү жол эрежелерин бузуу менен Бишкектин көчөлөрүн аралаган кортеждин видеосу Instagram социалдык тармагына жарыяланды.
Видеодон терезелери караңгылатылган автоунаалар атайын сигналдарды жандырып, карама-каршы тилкеде жүрүп баратканын байкоого болот. Бир нече унаанын мамлекеттик номуру дагы жок.
Айрым маалыматтарга караганда, мындай көрүнүш 22-апрель күнү үлпөт той учурунда болгон.
Бул боюнча Бишкек кайгуул милициясы азырынча маалымат бере элек.
Белгилей кетсек, мыйзам боюнча жарандык унааларга атайын сигналдарды колдонууга жол берилбейт.