23:20 27 Кулжа 2017
Түз эфир
Бишкек шаарында Нариман Түлеев ага таандык Sapat Center имаратынын алдында

Түлеев: имаратка кирип келгендер эч кандай документ көрсөткөн жок

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
470 0 0

Экс-депутаттын айтымында, финансы полициясынын өкүлдөрү имаратка таңкы саат 4-5тер чамасында кирип келишкен.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында Нариман Түлеев ага таандык Sapat Center имаратын басып алгандар "имаратты камакка алуу боюнча соттун чечичим көрсөтпөй жатканын" журналисттерге билдирди.

  • Бүгүн эртең менен милиция имараттын айланасын курчоого алган болчу.
    Бүгүн эртең менен милиция имараттын айланасын курчоого алган болчу.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Учурда имараттан ижарага бөлмө алып иштегендер дагы сыртта турат.
    Учурда имараттан ижарага бөлмө алып иштегендер дагы сыртта турат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Укук коргоо органдары эч кимди киргизген жок.
    Укук коргоо органдары эч кимди киргизген жок.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Бишкек шаарында Нариман Түлеев ага таандык Sapat Center имаратын басып алгандар имаратты камакка алуу боюнча соттун чечичим көрсөтпөй жатканын журналисттерге билдирди.
    Бишкек шаарында Нариман Түлеев ага таандык Sapat Center имаратын басып алгандар "имаратты камакка алуу боюнча соттун чечичим көрсөтпөй жатканын" журналисттерге билдирди.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Укук коргоо органдары эч кимди киргизген жок.
    Милиция оцепила здание компании Sapatcom в Бишкеке
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 5
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бүгүн эртең менен милиция имараттын айланасын курчоого алган болчу.

Анын айтымында, финансы полициясынын өкүлдөрү имаратка таңкы саат 4-5тер чамасында кирип келишкен.

Бүгүн эртең менен милиция имараттын айланасын курчоого алган болчу.

"Бизди бул жактан чыгаруу үчүн алар сотко барып, соттун чечими менен келиши керек болчу. Кечээ финансылык полициянын жетекчисинин биринчи орун басары менен сүйлөштүк. Ага да соттун өкүмүндө мүлктү конфискациялоо боюнча сөз жок экенин көрсөттүм. Соттун имаратты бошоткула деген чечимин алып келсеңер биз чыгабыз дедик. Тилекке каршы, бир дагы документти көргөзүшө алган жок", — деди Түлеев.

Учурда имараттан ижарага бөлмө алып иштегендер дагы сыртта турат. Укук коргоо органдары эч кимди киргизген жок.

Белгилей кетсек, Түлеев мэрлик кызматты аркалап турган учурунда коррупция боюнча шектелген. 2008-жылы Кытайдан жүргүнчү ташыган автобустарды сатып алууда жана 200 миллион сомдук муниципалдык облигацияларды чыгарууда мыйзамсыз аракеттерге барганы үчүн кылмыш иши козголгон. 2013-жылы Ленин райондук соту аны мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан. 2014-жылдын декабрь айында Бишкек шаардык соту мурунку инстанциянын чечимин күчүндө калтырган. Бир жылдан кийин Жогорку соттун коллегиясы да эки соттун өкүмүн туура деп тапкан.

Түлеев мамлекеттик казынага 60 миллион сом төлөп, 2016-жылы 7-майда эркиндикке чыккан.

Тема боюнча

Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеев абактан чыкты
Белгилер:
милиция, Нариман Түлеев, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ