Композитор Азат Дөөткулов дүйнө салды

© Фото / Данияр ДжаркымбаевКомпозитор Азат Дооткулов
Композитор Азат Дооткулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал көп жылдан бери кант диабети менен жабыркап келген.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Композитор Азат Дөөткулов узакка созулган оордан бүгүн түштөн кийин дүйнө салды. Бул тууралуу анын жакындары Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, оорусу күчөгөн Дөөткулов 12-апрелде Бишкек шаардык №1 оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Мусульманское кладбище - Sputnik Кыргызстан
Жамандык, өлүм-житимге байланыштуу 15 "болбойт"
Жакындары композитор көп жылдан бери кант диабети менен жабыркап жүргөнүн айтышкан. Анын сөөгү кичи мекени Кочкордо жерге берилет.

Дөөткулов 2015-жылы чыгармачылыгынын 35 жылдыгын белгилеген. Көптөгөн ырларга обон чыгарып, спактакль жана кинолорго музыка жазган. Акыркы мезгилде мамлекеттик "Учур" жаштар театрында эмгектенип келген.

Ал Калый Молдобасанов жана Жумамүдүн Шералиев атындагы сыйлыктардын лауреаты болгон.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун жалпы жамааты маркумдун жакындарына, үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0