Кыргызстан казак туризми үчүн өтө кооптуу. Казакстандык экономист менен маек

© Фото / Влад УшаковЖаратылыш. Архив
Жаратылыш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бизнестеги ачыкка чыкпай турган нерселер менен коңшу мамлекеттердин ортосундагы соода мамилелери тууралуу казакстандык экономист Айдархан Кусаинов айтып берди. Анын маегин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Асел Минбаева жазып алды.

Айдархан Кусаинов консалтинг компанясын жетектейт. Убагында МГУну аяктап, казак өкмөтүндө консультант болуп иштеген. Мындан тышкары, нефть жана газ компанияларын башкарган. Кыйын бекен?

© Фото / Вадим РудаковКазахстанский экономист, директор консалтинговой компании Айдархан Кусаинов
Казахстанский экономист, директор консалтинговой компании Айдархан Кусаинов - Sputnik Кыргызстан
Казахстанский экономист, директор консалтинговой компании Айдархан Кусаинов

— Статистикага ишенсек, 2016-жылы Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода жанданганын көрүүгө болот. Биздин товарларды 17 пайызга көбүрөөк сатып ала баштапсыңар. Биз дагы силер тараптан болчу импортту 5 пайызга жогорулатыптырбыз. Бул эмнеге байланыштуу?

— Евразиялык экономикалык биримдиктин таасири. Мындан сырткары, жөнөкөйлөштүрүлгөн соода жолу иштей баштады. Акыры ушул жааттагы мамиле жакшыруу жолуна түштүк окшойт.

— Кыргызстан Казакстанга негизинен жашылча-жемиш (37 миллион доллар) жана сүт азыктарын (13 миллион доллар) сатат. Дал ушул нерселерди коопсуздук талаптарына таянып өлкө аймагына киргизбей коюуга болот. Баса, казак тарап көп учурда биздин товарлардын кирүүсүнө тыюу салып коет, эмнеге?

Всесезонный туристско-рекреационный комплекс Эльбрус в Кабардино-Балкарии - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан туризм боюнча рейтингде Казакстан менен Тажикстандан артта калды
— Бул кадыресе эле көрүнүш. Отурукташып калган "карышкырлар" рынокко жаңыдан баш баккан тарапка "ме" деп колундагы токочун кармата бермек беле? Жашоо деген таптакыр башка нерсе да. Катарга кошулуп жаткандар жашоо үчүн күрөшүшү керек: кээде товарды арзандатат, айрым учурда жең ичинен сүйлөшөт дегендей. Атаандаштыкка даяр болуш керек, анын үстүнө бул тармакта баары эле сүттөй таза деп эч ким кепилдик бере албайт, административдик ресурсту пайдаланып ийишет. Эмне кылыш керек? Чөйрөгө сиңиш керек, колдоочу табыш керек. Бара-бара соода согуштары да тыйылат.

— Кыргызстандык ишкерлердин казак рыногундагы аракетине кандай баа бересиз?

— Менин баамымда, сиздер туура багытта бара жатасыздар. Кыргызстандан чыккан кийим-кечени, азык-түлүктү көп көрөм.

— Эми туризм тууралуу. Баягы эле статистика боюнча Кыргызстанга келген туристтердин көбүн казакстандыктар түзөт. Акыркы жылдары теңгенин куну түшүп, Түркияга чама-чаркымы жетпей калды окшойт…

— Түркия менен Египетке барууну каалаган казакстандыктардын саны азайды, мындан улам сиздердин өлкө ыңгайлуу болуп калды. Азыр Казакстандагы курортко барып эс алгандан көрө Ысык-Көлгө барган жакшы. Биздин туристтерди алып кетип жатасыздар. Бул жааттан алып караганда Кыргызстан Казакстандын туризм тармагы үчүн бир топ кооптуулук жаратат.

— Казакстандыктар көп жыл бою Кыргызстанга акча салып келишти. Бирок 2015-жылы инвестициянын көлөмү кескин кыскарып, 21 миллион долларды түзүп калды. Эмне болуп кетти?

Кыргызстанга саякат: келген турист кайда, канчага жана кантип эс алса болот - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга саякат: келген турист кайда, канчага жана кантип эс алса болот
— Өзүбүз айлабызды таппай калсак каяктагы инвестиция?! Теңгенин куну түшүп кетти, андан кийин болгон күчүбүздү россиялыктар менен атаандашууга жумшадык. Азыр кайсы бир деңгээлде инвестициялык багыт Өзбекстанга бурулушу мүмкүн. Аталган өлкө рынокту ачууга даяр экенин көрсөтүп жатат. Бул эми баарыбыздын көйгөйүбүз деңизчи. Өзбекстан эми бизден да, сиздерден да, керек болсо Россиядан да инвестицияларды тартып алышы толук ыктымал.

— Кооптондуруп койдуңуз…

— Бул мыйзам ченемдүү нерсе. Эки мамлекет сүйлөшкөндө ар дайым утуш жөнүндө сөз болот.

— Көңүлүңүздү башкага бурайынчы. Казакстандан көп учурда жинди кашайткан жаңылыктар угулуп калат. Мисалы, оңдоо иштеринен улам чек аранын жабылышы же интернеттин үч эсе кымбаттап кетиши дегендей. Чек ара деле жабылбай, интернет деле кымбаттабай калды. Элди дүрбөлөңгө түшүрүүнүн эмне кереги бар эле?

— Муну кайсы бир деңгээлде таасир этүү, күч көрсөтүү десек болот. Интеграциялык процесстин баарында мамлекеттер бергенге караганда көбүрөөк алсам дейт. Тилекке каршы, интеграция учурунда жан талашуу керек.

— Евразиялык экономикалык биримдик, колдоо, кызматташуу дегендер кайда калат ошондо?

— Саясий кыймыл бар, муну менен бирге эле бизнес кыймыл деген жашайт. Албетте, биз мамлекеттик деңгээлде өнөктөшпүз, ынтымакташып жашоо зарыл. Бирок бир да ишкер интеграция анын эсебинен ишке ашышын каалабайт. Интерграция көптө барып жемишин берет. Ал эми күнүмдүк жашоодо бул — күрөш жана катаал сүйлөшүүлөр.

Жаңылыктар түрмөгү
0