"Түндүкэлектр": акылдуу эсептегичтер боюнча 900дөй абонент арызданды

© AP Photo / Carlos GiustiЭлектрические счетчики в Каролине, Пуэрто-Рико
Электрические счетчики в Каролине, Пуэрто-Рико - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тургундардын көбү акылдуу эсептегичтердин ишине нааразы. Алардын айтымында, жаңы эсептегичтер колдонулган электр энергиясын ашыгы менен көрсөтүп коюуда.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Акылдуу эсептегичтер эсептеген акча менен 900дөй колдонуучу макул эместигин билдирип арызданганын "Түндүкэлектр" ААКтын башкы директорунун коммерциялык маселелер боюнча орун басары Тилебалды Жаңыбаев Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык маалымат борборундагы жыйында билдирди.

Совещание по итогам деятельности ОАО Национальная энергетическая холдинговая компания за 9 месяцев 2016 года - Sputnik Кыргызстан
Радио
Айбек Калиев: акылдуу эсептегичтердин арты менен жоготуулар азайды
Акыркы беш айдан бери акылдуу эсептегичтердин иштеши боюнча тургундардан көптөгөн арыздар келип түшүүдө. Алар колдонгон электр энергиясы үчүн ири суммадагы каражат чыгып жатканын айтып даттанышкан.

"Январда бизге чыгып келген счеттер боюнча 900дөй арыз келип түштү. Кайрылгандардын жарымы акылдуу эсептегичтердин жанына эски эсептегичтерди да коюуну суранышты. Бирок, эски эсептегич менен жаңынын чыгарган счетторунун айырмасы көп деле билинбейт. Жаңылары так иштейт", — деди Жаңыбаев.

Ал ошондой эле жаңы эсептегичтерди коюу менен электр зымдардагы чыңалуу азайып, авария дагы төмөндөгөнүн кошумчалады.

"Электр энергиясын көп колдонгон учурда биздин жабдуулардын керектен чыгышы азайды", — деди ал.

Белгилей кетсек, акылдуу эсептегичтер 2012-жылдан тарта коюла баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0