Дубайда стюардесса болуп иштеген Наргиза: азыр жашоомду учаксыз элестете албайм

© Фото / предоставлено Наргизой МукамбетовойБириккен Араб Эмирлигинин FlyDubai компаниясында борт коштоочу болуп иштеген Наргиза Мукамбетова
Бириккен Араб Эмирлигинин FlyDubai компаниясында борт коштоочу болуп иштеген Наргиза Мукамбетова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнө жүзүндөгү аты чыккан компанияларда кадырлуу кесиптерди аркалаган мекендештер арбын. Алардын арасында Бириккен Араб Эмирлигинин FlyDubai компаниясында борт коштоочу болуп иштеген Наргиза Мукамбетова бар.

Наргиза мектепти бүтүп эле борт коштоочу курсуна тапшырган эмес. Алгач ал Бишкекте кызыл диплом менен соцкызматкер адистигине ээ болуп, жолун Эмгек министрлигинде баштаган. Бишкектик соцкызматкер кандайча Дубайга барып стюардесса болуп калганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Бегимай Бакашевага сурап билди.

© Фото / предоставлено Наргизой МукамбетовойНаргиза Мукамбетова: бир күнү Бишкектеги Араб өлкөлөрүнө жумушка орноштуруу менен алектенген Араб борборуна барып катталып койдум. Көп өтпөй эле Бириккен Араб Эмирлигинде мага ылайыктуу жумуш бар экенин айтып, маектешүүгө чакырышты. Андан өтүп кеттим
Стюардесса авиакомпании FlyDubai Наргиза Мукамбетова - Sputnik Кыргызстан
Наргиза Мукамбетова: бир күнү Бишкектеги Араб өлкөлөрүнө жумушка орноштуруу менен алектенген Араб борборуна барып катталып койдум. Көп өтпөй эле Бириккен Араб Эмирлигинде мага ылайыктуу жумуш бар экенин айтып, маектешүүгө чакырышты. Андан өтүп кеттим

— Наргиза, Дубайга кетип калышыңызга эмне себеп болду эле?

Twitter компаниясында иштеген Наргиза Абдубалиева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Twitter компаниясында иштеген Наргиза ийгилик сыры менен бөлүштү
— Кичине кезимде эле чет өлкөдө билим алып, иштөө тилегим күч болчу. Жашоо-шартка байланыштуу мектепти бүтөрүм менен эле башка өлкөдө окууга мүмкүнчүлүк болбоду. Бишкекте окуп, атүгүл билимдүү адис болгондон кийин деле баягы каалоом оюмдан кетпей койду. Эмнегедир жүрөгүмдө өзүмдү таппай жаткандай сезим менен жүрдүм. Акыры бир күнү кетип каларымды билдимби, айтор, анлгис тилин калтырбай өздөштүрүп жүрдүм. Бир күнү Бишкектеги Араб өлкөлөрүнө жумушка орноштуруу менен алектенген Араб борборуна барып катталып койдум. Көп өтпөй эле Бириккен Араб Эмирлигинде мага ылайыктуу жумуш бар экенин айтып, маектешүүгө чакырышты. Андан өтүп кеттим.

— Өз кесибиңиз боюнча ким элеңиз?

— Бишкек гуманитардык университетинен социалдык кызматкер адистигине ээ болгом, болгондо да окууну кызыл диплом менен бүтүргөм. Алгач Эмгек жана социалдык коргоо министрлигине жумушка орношуп, андан кийин Социалдык фондуда эмгектенип жүрдүм.

© Фото / Наргиза МукамбетоваНаргиза Мукамбетова: көпчүлүк ата-энелер кыз кишини чет өлкөгө кетиргиси келбесе керек. Ошол үчүн мен кетем деп так кесе чечкенимди эч кимге айтпай жүрдүм. Качан гана маектешүүдөн өтүп, Дубайдагы жумушум даяр болгондо үйдөгүлөргө айткам
Стюардесса авиакомпании FlyDubai Наргиза Мукамбетова - Sputnik Кыргызстан
Наргиза Мукамбетова: көпчүлүк ата-энелер кыз кишини чет өлкөгө кетиргиси келбесе керек. Ошол үчүн мен кетем деп так кесе чечкенимди эч кимге айтпай жүрдүм. Качан гана маектешүүдөн өтүп, Дубайдагы жумушум даяр болгондо үйдөгүлөргө айткам

— Анан социалдык кызматкер кандайча стюардесса болуп калды?

— О-оой, анын тарых-таржымалы узун (күлүп). Алгач Араб Эмирлигине барганда Дубайдагы "Jumeirah beach hotel" мейманканасында ресепшнде иштедим. Ал жерден дагы үч жыл англис тилин жакшылап өздөштүрүп алып, анан FlyDubai компаниясына экзамен тапшырдым. Бирок биринчи жолкусунда өткөн жокмун. Стюардесса болом деп катуу ишенип алсам керек, болбой эле кайра барып, алты айдан кийин болгон сынакта өтүп кеттим.

— Араб өлкөлөрү менен Кыргызстандын айырмасы асман менен жердей да. Алгач барганда кыйналсаңыз керек?

— Албетте, кыйналдым. Аба ырайы, тил жагынан бир топ кыйынчылыктар болду. Англис тилин жакшыртыш үчүн үйгө китептерди алып келип алып, таң аткыча которуп, окуп чыкчумун.

— Чет өлкөгө кетишиңизге ата-энеңиз каршы болгон жок беле?

Чехиянын Прага шаарындагы Банк институтунда Евробиримдиктин Эразмус Мундус долбоору аркылуу окуп жаткан кыргызстандык студент Айгерим Темирбекова - Sputnik Кыргызстан
Чехияда окуган Айгерим: 1000 евро стипендия алып, бай чехтердин катарындамын
— Алар башынан эле каршы болчу. Көпчүлүк ата-энелер кыз кишини чет өлкөгө кетиргиси келбесе керек. Ошол үчүн мен кетем деп так кесе чечкенимди эч кимге айтпай жүрдүм. Качан гана маектешүүдөн өтүп, Дубайдагы жумушум даяр болгондо үйдөгүлөргө айткам. Ошондо ата-энем мени кыйнап алып калуу туура болбосун түшүндү окшойт, кыйылып жатып макул болушту.

— Учкуч, борт коштоочулардын жашоосу романтикалуу сезилет эмеспи. Чынында эле жумушка майрамга баргандай барасыңарбы?

— Менимче биздин жумушту романтикалуу деп айтууга болбойт. Жоопкерчилик өтө эле оор. Албетте, милдетиңди кынтыксыз аткарсаң, жумуштун баары эле ырахат тартууласа керек. Мактангандай болбоюн, бирок өз ишиме тыңмын. Жумушта мен үчүн кыйынчылык жараткан нерсе — бул уктоо режиминин бузулушу. Бир күнү таңкы алтыда, экинчи күнкү түнкү экиде абага көтөрүлүшүң мүмкүн. Бирок буга деле кайылмын. Анткени, жумушумду абдан сүйөм. Азыр жашоомду учаксыз элестете албайм. Жадагалса, эмгек өргүүсү учурунда деле ишке чыккым келе берет.

© Фото / предоставлено Наргизой МукамбетовойНаргиза Мукамбетова: айрым учурда учакта бир нерсеге нааразы болгондор чыгат. Биздин негизги милдет — бардык маселени жайгарып, ар бир жүргүнчүнүн тилин табуу. Кыскасы, учактын ичиндеги гармонияны сактоо
Стюардесса авиакомпании FlyDubai Наргиза Мукамбетова - Sputnik Кыргызстан
Наргиза Мукамбетова: айрым учурда учакта бир нерсеге нааразы болгондор чыгат. Биздин негизги милдет — бардык маселени жайгарып, ар бир жүргүнчүнүн тилин табуу. Кыскасы, учактын ичиндеги гармонияны сактоо

— Сиз кызмат кылган учактарда мекендештерди кезиктирип калган учурлар болобу?

— Ооба, болот. Андайда эски тааныштардай сүйлөшүп, кадимкидей сагынычың таркай түшкөндөй болосуң. Негизи эле чет жерден кезиккенде мекендештер менен бир туугандай болуп калат эмессиңби. Дубайдагы кыргыздар абдан ынтымактуу. Майрамдарда кезигип турабыз.

— Иш учурунда кооптуу жагдайларга кезиктиңиз беле?

— Чоң кырсыктардан кудай сактасын, бирок учактын ичинде жүргүнчүлөргө байланыштуу маселелер жаралып калат. Бирөө ооруп калат дегендей. Андайда колдон келген жардамыбызды кылабыз. Айрым учурда учакта бир нерсеге нааразы болгондор чыгат. Биздин негизги милдет — бардык маселени жайгарып, ар бир жүргүнчүнүн тилин табуу. Кыскасы, учактын ичиндеги гармонияны сактоо.

Жаңылыктар түрмөгү
0