Бишкектин айрым аймагында бир күн бою суу берилбейт

Жазылуу
Маалыматта "Батыш" суу тосмосундагы оңдоо иштерине байланыштуу суу токтотулары айтылат.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Эртең, 4-апрелде, саат 9.00дөн 20.00гө чейин борбор калаанын айрым райондорунда муздак суу токтотуларын "Бишкексууканал" башкармалыгы маалымдады.

Работа ООО Управляющая компания Влад-Дом в Первомайском районе Владивостока - Sputnik Кыргызстан
Мэрия Бишкекте жылуулук берүү канчага созуларын айтты
Билдирмеге ылайык, "Батыш" суу тосмосундагы оңдоо иштерине байланыштуу Садыгалиев, Фрунзе, Профсоюз көчөлөрүнүн темир жол менен чектешкен аймактарда суу токтотулат. Ошондой эле Кызыл-Аскер, 110-квартал жана "Достук" кичи районунда дагы муздак суу өчүрүлөрү маалымдалган.

"Бишкексууканал" башкармалыгы шаар тургундарын алдын ала суу камдап алууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0