БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Бир жыл мурда президент Алмазбек Атамбаев 7-апрелди дем алыш күн деп жарыялоо боюнча мыйзамга кол койгон.
Буга ылайык кыргызстандыктар 7-апрель күнү эс алышарын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен ырасташты.
7-апрель жума күнгө туура келгендиктен беш күн иштегендер үч күн катары менен эс алышат.
Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев эркиндик, демократия жана адилеттүүлүк үчүн күрөш жолундагы эң оор, эң татаал соңку ашуусун кыргыз эли 2010-жылдын 7-апрелинде ашып өткөнүн эске алып, Жогорку Кеңеш депутаттарына жылына белгиленүүчү "7-апрель – Элдик Апрель революциясы күнүн" Эмгек кодексте белгиленген жумуш эмес майрам күндөрүнүн тизмесине киргизүү сунушун жөнөткөн.
Ал эми Жогорку Кеңеш үч окуудан тең 7-апрелди дем алыш деп жарыялоо боюнча мыйзам долбоорун жактырган.