Бишкектин үч кичирайону жарыксыз калды

CC BY 2.0 / Mike Powell aka Elektroll / 20140216_0064Отключение электричества в Кыргызстане
Отключение электричества в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин соцтармактагылар 10-кичирайондо бир нече сааттан бери жарык жок экенин айтып нааразы болушкан.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Жогорку чыңалуудагы линияда болгон авариядан улам Бишкектин бир катар кичирайондорунда жарык жок экенин “Түндүкэлектр” ишканасынын Сall-борбору маалымдады.

Буга чейин соцтармактагылар 10-кичирайондо бир нече сааттан бери жарык жок экенин айтып нааразы болушкан.

“Учурда авария болгон жерде адистер иштеп жатат. Азырынча анын себептери белгисиз”, — дешти ишканадан.

Сall-борбордун маалыматы боюнча калаадагы 10, 11 жана 6-кичирайондордо жарык жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0