Турсунбек Акун кара жумушка кесилди

© Sputnik / Табылды КадырбековМурунку акыйкатчы Турсунбек Акун экс-депутат Садыр Жапаровду колдоо иретинде уюштурулган митинг учурунда
Мурунку акыйкатчы Турсунбек Акун экс-депутат Садыр Жапаровду колдоо иретинде уюштурулган митинг учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурунку акыйкатчы оппозициялык саясатчы Садыр Жапаровду колдоп чыгып кармалган 150 кишинин бири.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Биринчи Май райондук соту мурунку акыйкатчы Турсунбек Акунду сегиз сааттык коомдук жумушка кесип, айыпка жыкты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Биринчи Май райондук сотунун канцеляриясы билдирди.

Митинг сторонников Садыра Жапарова в сквере имени М. Горького - Sputnik Кыргызстан
Сот Садыр Жапаровго өкүм чыгарды
Эскерте кетсек, 25-март күнү экс-депутат Садыр Жапаровду колдоо иретинде уюштурулган митингди таркатууда тартип бузган 105 киши кармалган. Алардын арасында Турсунбек Акун да бар болчу. Кармалгандардын баары Биринчи Май райондук сотко алып келинип, көпчүлүгү административдик тартип бузганы үчүн жоопко тартылган.

"Соттук процесс бир нече кабинетте өтүп, бир катар судьялар карады. Турсунбек Акунга 1500 сомдук айып пул чегерилип, сегиз сааттык коомдук жумушка тартуу боюнча чечим чыкты", — деп айтылат маалыматта.

Бирок бул маалыматты Турсунбек Акун өзү четке кагып, айыпка гана жыгылганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0