Прокуратура: Ноокатта өзбекстандыктарга жер сатылды деген маалымат ырасталган жок

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүОсень в Красноярском крае
Осень в Красноярском крае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү жашоочулар "жер тартыштыгын чечүүнүн ордуна 150дөй өзбекстандыкка үлүш жер берип койду" деп айыл өкмөт башчысы Нурмахаммад Йулчиевди айыпташкан.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Ош облусунун Ноокат районунда 130 гектардан ашык жер Өзбекстандын жарандарына сатылып кетти деген маалымат ырасталган жок. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 2017-жылдын 9-январында Жаңы-Ноокат айылынын бир катар тургундары маалымат жыйында жер тилкесинин чет элдик жарандарга сатылып кеткендигин айтып, нааразылыкка чыгышкан.

Ошол эле күнү өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүк жердин сатылышы тууралуу маалыматты төгүндөгөн.

Снимок с социальной сети Facebok пользователя Kerim Turapov. Оперный певец Керим Турапов - Sputnik Кыргызстан
Керим Тураповго берилген жер тилкесин шаардык сот мыйзамсыз деп тапты
Билдирүүгө ылайык, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылынын 142 жашоочусуна алты сотыхтан жер бөлүнүп берилген. Текшерүүнүн жыйынтыгында жер үлүшүн Кыргызстандын жарандары гана алгандыгы аныкталды.

Жергиликтүү жашоочулар "жер тартыштыгын чечүүнүн ордуна 150дөй өзбекстандыкка үлүш жер берип койду" деп айыл өкмөт башчысы Нурмахаммад Йулчиевди айыпташкан. Ал эми Йулчиев нааразы тараптын маалыматын четке каккан.

Өкмөт жер сатылды деген билдирүүлөр чындыкка коошпой турганын айтып, маселени териштирүүнү Башкы прокуратурага тапшырган. Ош облустук ИИБ тарабынан такталбаган маалымат таркаткан жергиликтүү жашоочулар суракка чакырылып, териштирүү иштери жүргүзүлгөн.

Иликтөөнүн натыйжасында Өзбекстандын жарандарына жер тилкеси сатылды деген маалымат тастыкталган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0