ЖК аппаратынын экс-жетекчиси Кутушев кайсы өлкөлөргө барган? Тизме

© Фото / пресс-служба ЖКПарламенттин аппарат жетекчиси Абдыманап Кутушевдин архивдик сүрөтү
Парламенттин аппарат жетекчиси Абдыманап Кутушевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламенттин аппарат жетекчиси Абдыманап Кутушев бүгүн өз ыктыяры менен кызматын тапшырды. Буга чейин Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кутушевди чет жактарга чыккан сапарларынын көптүгүн жүйө келтирип, жумуштан алуу маселесин караган.

Заседание депутатов Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Кубанткан жана кубарткан мандаттар. Ким келип, ким кетти
Комитет мүчөлөрү Кутушев кызматка дайындалгандан бери 10 ай ичинде сегиз жолу чет өлкөгө барганын айтып чыгышты. Бирок ошол эле учурда ЖКнын аппарат жетекчисинин жардамчысы Кутушев чет жакка сегиз эмес, алты жолу чыккандыгын айтып, анын бирөө гана Жогорку Кеңеш тарабынан каржылангандыгын кошумчалады.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Кутушевдин чет өлкөлөргө болгон сапарын тизмектеп көрдү.

ЖКнын Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин мүчөсү, "Республика-Ата-Журт" фракциясынын депутаты Акылбек Жамангуловдун берген көрсөтмөсү боюнча Кутушев жумуш боюнча чет өлкөгө сегиз жолу барган.

 

  1. 21-25-апрель, 2016-жыл. Россия, Москва шаары. КСДП фракциясынын иш сапары.
  2. 1-10-май, 2016-жыл. Түркия, Стамбул шаары.
  3. 4-10-июнь, 2016-жыл Түркия, Стамбул шаары. Европа жана КМШ өлкөлөрүнүн "Өнүгүүнүн жыйынтыктары" конференциясы.
  4. 16-22-август, 2016-жыл. Корея, Сеул шаары. Жогорку Кеңештин делегациясынын иш сапары.
  5. 28-сентябрдан – 3-октябрга чейин, 2016-жыл. Македония, Скопье шаары, ЕККУнун күзгү сессиясына катышуу. Бардык чыгымды Жогорку Кеңеш көтөргөн.
  6. 22-28-октябрь. 2016-жыл. Щвейцария, Женева шаары. Парламенттер аралык союзунун 135-ассамблеясына катышкан.
  7. 1-6-февраль. 2017-жыл. Франция, Страсбург шаары, Европанын парламенттер кеңешинин ассамблеясы.
  8. 23-24-февраль. 2017-жыл. Австрия, Вена шаары. ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын сессиясына катышкан.

 

Кутушевдин жардамчы жана катчыларынын барган иш сапарлары

1. 2016-жылы 17-26-август аралыгында ЖК делегациясынын Кытайга болгон иш сапары. Документте коштогон тарап катары Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Кутушев жана референт-катчы А.Кулубеков деп жазылып турат.

Бул сапардан кийин Кулубеков Жогорку Кеңештин аппаратынын мамлекеттик кызмат жана кадрдык маселелер бөлүмүнө дайындалган.

Фемида айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев жана башка тың чыкмалардын ар-намысы канча турат
2. 2016-жылдын 12-14-декабрь күндөрү Алматы шаарында "Борбордук Азиядагы дипломатия тармагында парламенттин орду" аттуу семинар болгон. Ага Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында депутат болгон Кутушевдин мурдагы консультанты Э.Ибраимов барган.

Ибраимов андан соң Жогорку Кеңештин аппаратынын эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүндө иштеп калган.

3. Түркиянын Анкара шаарына мыйзам чыгаруу боюнча семинарына М.Замирбекова да барган.

Замирбекова ЖК аппаратынын стенограмма боюнча иштер бөлүмүндө иштейт деп жазылган ("де-юре"). Бирок аппарат жетекчисинин кабыл алуу бөлүмүндө отурат.

4. 2016-жылдын май айында Щвейцариянын Женева шаарындагы Социалисттик интернационалдык кеңештин жыйынына Бакытбек уулу Айдин барган. Ал Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин жардамчысы болуп иштейт.

Ал эми Кутушевдин жардамчысы Бакытбек уулу Айдин Кутушев чет өлкөгө иш сапарга алты жолу чыкканын, алардын бирөөнү гана Жогорку Кеңеш камсыз кылганын айтып, калган сапарларын чакырган тарап каржылаганын кошумчалады.

1. Корея, Сеул шаары. Корея парламенти убагында Монголия парламентин компьютердик техника менен камсыздаган. Бул иш сапарда Кутушев Корея парламентинин төрагасы жана аппарат жетекчиси менен жолугушуп, ЖКны компьютердик жабдыктар менен камсыз кылуу боюнча сүйлөшкөн. Ушул жылдын апрель айында Корей парламентинин аппарат жетекчисинин Кыргызстанга келиши күтүлүп жатат.

Заседание организационного комитета по подготовке и проведению Года истории и культуры - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаков президенттин аппаратын жетектемей болду
2. Франция, Страсбург шаары. Европанын парламенттер кеңешинин ассамблеясы. Аталган иш сапарда Европанын документация жана илим изилдөө борбору менен ЖКнын илимий изилдөө борборунун мамилесин чыңдоо маселеси сүйлөшүлгөн.

3. Щвейцария, Женева шаары. Парламенттердин аппарат жетекчилеринин ассоциациясына барган. Парламенттер аралык жыйында кыргыз тарап аталган жыйындын үч комитетине Кыргызстандын үч депутатын киргизген.

4. Түркия, Стамбул шаары. "Ачык маалымат" аттуу конференция өткөн. Мында Жогорку Кеңештин сайтына стенограмма чыгаруу, комитеттердин жыйындар залына да онлайн-трансляция орнотуу боюнча сүйлөшүү болгон.

5. Австрия, Вена шаары. ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын сессиясына катышкан. Анда 2018-жылы ЕККУнун жыйынын Бишкекте өткөрүү маселеси чечилген. Аталган сессияга 57 парламенттен депутат келет. Бул иш-чараны уюштурууга Кутушев түздөн-түз жоопкер болгон.

6. Македония, Скопье шаары. ЕККУнун күзгү сессиясы өтүп, ага Кутушев аппарат жетекчисинин суранычы менен барган.

Бактыбек уулу Айдин Жамангуловдун жардамчылар боюнча берген маалыматты четке какты. Ал май айынан бери Жогорку Кеңештин эсебинен эч жакка барбаганын айтып, Кутушевдин жалгыз жардамчысы экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0