Өлкөнүн чыгыш тарабы кантип интернетсиз калганын "Кыргызтелеком" айтып берди

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүНоутбукта кино коруп жаткан адам. Архив
Ноутбукта кино коруп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Болжол менен таңкы саат 4төр чамасында Кант менен Токмоктун ортосундагы оптоволокон кабели үзүлгөн. Ал саат 12:18дө калыбына келген.

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүйдүн чыгыш тарабы эмне үчүн 8 саатка интернетсиз калганынын чоо-жайын "Кыргызтелеком" ААКтын маалымат кызматы билдирди.

Болжол менен таңкы саат 4төр чамасында Кант менен Токмоктун ортосундагы оптоволокон кабели үзүлгөн. Ал саат 12:18дө калыбына келген. 

Маалымат боюнча эки катар кабель кетет — оптикалык жана жез.

"Уурулар канализация менен кирип жез кабелди машинага байлап жуулууга аракет кылышкан. Жалпысынан 250 метрдей жез кабель уурдалган. Аны тартып жатып оптикалык кабелди үзүп алышкан", — деп маалымат кызматы билдирди.

Эртең менен Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургундары облус боюнча интернет жок экенин социалдык тармактарга жазышкан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0