ТИМ: жол кырсыгына кабылган унаа Франция элчилигине таандык

© flickr.com / Richard AkermanФранциянын желеги. Архив
Франциянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя бейшемби күнү кечинде болгон. Элчиликке таандык машина Mercedes-Benz унаасы менен кагышып кеткен.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү жол кырсыгына кабылган унаа Кыргызстандагы Франция элчилигине таандык экенин Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева Facebook баракчасына жарыялады.

Эскерте кетсек, 2-март күнү Айтматов көчөсүндө, болжол менен “Ак-Кеме” мейманканасынын аймагында Mercedes-Benz унаасы дипломатиялык номер тагылган Toyota Land Cruiser менен кагыша кеткен.

"18 001 номерлүү унаа Франция элчилигине тиешелүү", — деп жазган Кулукеева.

Буга чейин Кайгуул милициясы жол кырсыгынан эч ким жабыркабаганын билдирген.

Учурда техникалык экспертиза дайындалып, милиция окуянын чоо-жайын тактап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0