Бирдиктүү салык декларациясын ким, качан, кантип тапшырышы керек

Жазылуу
Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу тартиби жана мөөнөтү тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материлдан окуп таанышсаңыз болот.

2017-жылдын 1-январынан тартып кыргызстандыктар үчүн Бирдиктүү салык декларациясын (БСД) тапшыруу жараяны башталды. 22-февралга карата декларацияны 56 миң 418 жаран тапшырды. Салык боюнча документти ким, качан, кайсы убакта бере турганын, тапшырбагандарга канча айып пул каралганы боюнча суроолорго Мамлекеттик салык кызматы жооп берди.

Бирдиктүү салык декларациясы деген эмне?

Бул бир жылдык отчет. Ар бир субъект 12 айдын аралыгындагы кирешеси менен чыгашасы боюнча маалымат берет. Максаты — жарандын экономикалык жана башка ишмердүүлүгү жана ага таандык мүлк тууралуу маалымат алуу. Муну менен бирге коррупциянын алдын алууга багытталат.

Декларацияны кимдер тапшырышы керек?

Кол саат тагынган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаңы дайындалган министрлердин бай-кедейи ким?
Юридикалык жактардын баары декларация тапшырууга милдеттүү. Мындан тышкары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер жана патенттин негизинде салык төлөөчүлөр тапшырат. Муну менен бирге унаа каражатына, кыймылсыз мүлккө (үй, батир), жер тилкеси жана дыйкан чарбасына ээ жеке жактар тапшырышы керек.

Ушул жылдан тарта декларация тапшыра турган жарандардын жаңы категориясы барбы?

Быйылтан баштап декларация тапшырчулардын катарына муниципалдык кызматкерлер кошулду.

Декларацияны кайсы убакытка чейин тапшыруу керек?

Юридикалык жактар 1-мартка, ал эми мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер менен жарандардын башка категориялары 1-апрелге чейин тапшырышы зарыл.

Декларация тапшырбагандарга кандай жаза каралган?

Мөөнөтүндө тапшырбагандар административдик жазага тартылат: жеке жактар 2 миң сом, юридикалык тараптар 5 миң сом айып пул төлөйт.

Салык декларациясы кайдан жана кантип тапшырылат?

Юридикалык тараптарга декларация катталган жери боюнча, ал эми жеке жактарга катталган же ошо тапта жашаган жери боюнча берилет. Маалыматтарды декларация алган жерге келип, болбосо атайын кат менен, почта аркылуу же электрондук кат менен толтурууга болот.

Декларацияга туура эмес маалыматтарды жазып койсо эмне болот?

Салык органдары жазылгандын баарын текшерет. Туура эмес маалыматтар үчүн юридикалык тараптарга 5 миң сом, жеке жактарга 2 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынат.

Буга чейин декларация жалпыга тиешелүү деп айтылган

Жок, азырынча андай болбойт. Бирок милдеттендирилбеген жарандар өз ыктыяры менен декларация тапшыруусу колдоого алынат.

Салык декларациясын ыктыярдуу тапшыруунун эмне артыкчылыгы бар?

Мындай аракет кийинки салык төлөө жаатында эске алынат. Салык көлөмүн кыскартууга мүмкүнчүлүк түзүлүшү мүмкүн.

Мен Кыргызстандын жаранымын, бирок чет өлкөдө жашайм. Декларация тапшырышым керекпи?

Депутат Мирлан Бакиров - Sputnik Кыргызстан
Радио
Мирлан Бакиров: жарандар салык төлөө негизги милдети экендигин түшүнүшү керек
Өлкө жарандары жашаган жерине карабай декларация тапшырууга милдеттүү. Бирок чет өлкөдө жашап, мамлекеттик кызматкер болбосоңуз, кыймылсыз мүлкүңүз менен жер тилкеңиз жок болсо, Кыргызстандын аймагында ишкердик менен алектенбесеңиз, декларация тапшырууга милдеттүү эмессиз.

Декларацияны кантип толтуруу керектигин билбейм, салык кызматы жардам береби?

Декларация толтурууга жардам берүү — салык органдарынын негизги милдети. Андыктан кызматкер жарандын бардык суроолоруна жооп бериши керек.

Бланктарды кайдан алам, алардын баасы кандай?

Салык органдарында Бирдиктүү салык декларациясынын бланктары жетиштүү. Акысыз берилет.

Мындан тышкары, жарандар декларациянын формасын Мамлекеттик салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтынан чыгарып, толтуруп, Салык кызматына алып барып бериши керек.

Декларациялык кампания тууралуу кайдан кеп-кеңеш алууга болот?

Кененирээк маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 194 номери боюнча Call-борбордон же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0