ШИИБ: "Космопаркта" теракт жасоо планы Медакадемияда талкууланган

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз мамелкеттик медициналык академиянын имараты. Архив
Кыргыз мамелкеттик медициналык академиянын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
14-февраль күнү бомба коюлганы тууралуу маалыматтан кийин "Космопарктан" эл эвакуацияланган. Текшерүүдөн кийин билдирүү жалган болуп чыкты.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. "Космопаркта" теракт жасоо тууралуу сүйлөшүп жаткандардын кебин Кыргыз мамелкеттик медициналык академиянын ашканасынан бир кыз угуп калганын Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек ШИИБ билдирди.

Поступил звонок о заложенной бомбе в развлекательном комплексе Космопарк - Sputnik Кыргызстан
“Космопаркка” бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат тараткан адам аныкталды
Имаратка жардыруучу түзүлүш коюлганы жөнүндө маалымат милицияга болжол менен саат 19.20ларда түшкөн. Эл эвакуацияланып, аймак курчоого алынган. Айтылган жерде саперлор иш алып барган. Кийинчерээк жеринде иштеген адистер бомбанын жоктугун аныкташкан

ШИИБ жардыруунун жасала турганы боюнча маалымат Октябрь райондук ички иштер башкармалыгында саат 18.00дө каттоого алынганын белгиледи. Териштирүү маалында 14-февраль күнү 20 жаштагы кыз түштө Медакадемиянын Стоматология факультетинин ашканасынан тамактанып жатып, эки кишинин "Космопаркта" теракт жасоо боюнча сүйлөшкөн сөзүн угуп калганы аныкталды.

"Кыз бул тууралуу өзүнүн сүйлөшкөн жигитине билдирген. Жигит өз кезегинде көңүл ачуучу жайдын кассасына чалып, бомба тууралуу айткан", — деп айтылат маалыматта.

Милиция кыз менен жигитти сурап бүттү. Иш Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттигине өткөрүп берилди. Аталган мекеме азырынча окуя боюнча түшүндүрмө бере элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0