"Туулган жер бир арманым, мен сага бир түп дарак тиге албадым"
Назым Хикмет
Саламатсыңбы айылым!
Айылга кат жазуу мынчалык оор экенин билбептирмин
Мына ушундан улам мен сага кат жазгым келди. Ошонтсе да туулуп-өскөн айылга кат жазуу мынчалык оор экенин билбептирмин. Анан калса, төрт жашында атасы каза болуп, алты жашында энеси турмушка чыгып кетип, таенесинин үйүндө чоңойгон балага айылына кат жазуу эки эсе оор экен. Мен кайсы айылыма кат жазам? Ооба, таенем жашаган айылда менин бактылуу да, бактысыз да балалыгым калды. Бактылуулугум ошол – сууңду ичтим, гүлүңдү жыттадым, көк шибериңе оонадым, өзөнүңдө балыктай ойноп, ажайып табиятыңа делөөрүп, ата тарбиясын көрбөсөм да атамды көргөн асыл адамдарыңдан таалим-тарбия алып, кези келгенде таенеме эркелеп чоңойдум. Бактысыздыгым – жетим деген баары бир жетим турбайбы. Көңүлүмдөн өксүк кеткен жок. Жүрөгүм дайыма ачышып, дайыма бөксөрүп, жалгызсырай берем. Азыр деле кимдир бирөөнү издеп жүргөнсүйм. Чамасы атамды же апамды издейт окшойм. А баса, апам турмушка чыгып кеткенде апамдын караанын эле эмес "Апа" деген сөздүн өзүн сагынганымды айтпа. Ага айылымдагы кокту-колоттор, тоолор, токойлор күбө болгон. Ошол сезимди кийин "Сайра эне" деген поэмамда кыстарып кеттим эле:
…Не демекпиз… заманабыз тарылган,
Жеке менин жүрөгүм жүз жарылган.
Атадан го үмүт эрте үзүлгөн,
Апа деген сөздүн өзүн сагынгам…
Эч ким жоктой мени апамдай аярга,
Энеси жок көнбөй жүрдүм далайга,
Ап-а, апа-а деп алам катуу кыйкырып,
Эч ким укпас ээн жерге барам да.
Атам кирип түштөрүмө күндө эле,
Аны ээрчип кетким келчү мүрзөгө.
Адашкандай жалгызсырайм, жабыгам,
Аңгыраган ушул жарык дүйнөдө.
Кечир мени айылым…
Кечир мени айылым, мен сага көп деле барбайм. Биринчиден, азыр сенде таенемдин очогун өчүрбөгөн жалгыз иним, анан атамдын айылынан да жогору турган айылда жашаган мени дагы эки инилүү, бир карындаштуу кылган апамдан башка эч кимим деле жок. А баса, мен атамдын айылы деп бекер айткан жокмун. Бизге атабыздан ата конуш да калган жок. Ооба, ата-бабам жаткан мүрзөдөн башка ошол айылда менин атам – Самаган Ажыматовдун конушу жок. 28 жашында каза болгон атам байкуш өзүнүн атасы Ажыматтын үйүнүн ордуна там салганга деле жетишпей калыптыр. Чоң атам жашаган үйдүн орду эчак эле менчиктештирилип, биз чоңойгончо эле уруулаш туугандардын менчигине айланып кеткен. Жалгыз иним артында баласы жок байкуш таенемдин жерин жер, элин эл кылып калды. Бирок бир нерсени айта кетишим керек, атамдан бизге ата-конуш, алакандай жер калбаганы менен жакшы сөз, кадыр-барк калган. Атамдын замандаштары азыркы мезгилге чейин мени "И-иий, кагылайын, Самагандын баласысыңбы, атаң мыкты киши эле, " — дегени эле көкөлөтүп, көптүрүп коет. Атам 28 жашка чейин эле элдин назарына илинип, артында жакшы сөз калтыра алганы үчүн мен өз айлымда жүзүм жарык жүрө алам. Сыймык менен баса алам. Атам аркылуу ата журтума арналган ар кандай тематикадагы ырларды жазып жүрөм. Менин ата конушум – Райкомол айылындагы атам жаткан мүрзө. Аны да он алты жашымда биринчи жолу көргөм. Бирок атам жашаган айылда атамдан калган алакандай жер калбаса да балалыгым калган Ак-Жол айылымды жакынсынып, ал жөнүндө ыр жазып калам:
Ал булбулдар аман барбы?
Ар учурда бийик мага кадырың,
Ак жол айылым бүтпөй келген жаңы ырым.
Кармап турат мени кайда жүрсөм да,
Катмарыңа сиңген терең тамырым.
Жыргал жоктур чаңың кечип баскандай,
Жылыйт көңүл жоготконун тапкандай.
Басып өтсөм жолдоруңдан, жонуңдан,
Бабалардын деми өтүп жаткандай…
Өзөн дайраң көңүл кирин жуугандай,
Өскөн гүлүң, тал-терегиң туугандай.
Кайран атам дөңсөөдөгү мүрзөдөн,
Карап мени канаттанып тургандай.
Кышта жылуу, жайда салкын, шаң мекен,
Куттукташкан куштар сайрап таң менен.
…Ата-Журттун ырдап турган ажарын,
Ал булбулдар азыр аман бар бекен?..
Булбул кайда-а… муун улам жашарып,
Бейтааныш көп, тааныш жүздөр азайып.
Жүрөгүм бир тыз этет да, эх анан,
Жаш муунга сапар каалайм ажайып…
Акын болом деп кеткенмин калаага,
Ак жол айылым сен баа бер балаңа,
Керек эмес болсо ырым мекенге,
Кетмен чаап кетиш керек талааңа…
Чындыгында биздин адам болушубузга таенебиздин эмгеги зор болду. Албетте, анчалык деле алыс болбогондуктан апам эки тарткын болуп кыйналса да бизге тез-тез келип турганы ырас. Эки ортодо кыйналды, чайналды. Бирок биздин негизги түйүшүгүбүздү таенем тартты. Ошол киши тарбиялады бизди. Эми ойлосом, таенем өтө акылдуу киши экен. Ал атабызды мактап жүрүп бизди киши болууга үндөгөн экен. Аны мен кийин минтип жаздым:
Тарбия да, дем, күч берген көңүлгө,
Айтып берет таенем атам жөнүндө.
- Жетет эле атаңарды тартсаңар,
Андай адам бир жаралат өмүргө.
Элесимде-дечү таенем азыр да,
Бир жан эле акылдуу да, асыл да.
Иши менен бааланды, сыйланды,
Депутат болду жыйырма төрт жашында.
Жөпжөнөкөй жетсе дагы урматка,
Элпектиги, адамдыгы бир башка.
Эл, журт сүйгөн дили таза бала эле,
Эшик төрү толгон доско, курдашка.
Чоңдор чыны атаңарды көтөрдү,
Өзү дагы иш дегенде көшөрдү.
Өз уулумдан артык көрүп калганмын,
Ал өлгөндө жүрөгүм жүз көзөлдү.
Жакшы адамдын өмүрү эмне кыскабы,
Ал өткөндө айылы бүтүн сыздады.
Киши колдуу болгон дешти, кайрандын,
Өз жанынан чыккан экен душманы.
Иш десе эле билбей таңды, кечти да,
Сөзгө алынып, кадыр-баркка жетти да.
Жыйырма сегиз жашка чыгып болгону,
Кайран бала бала бойдон кетти да-а…
Адатынча жашыйт таенем муну айтып,
Бизди дагы тумчуктуруп, муңайтып.
Атакемдей адам болом деген ой,
Ар учурда келет мени чыңалтып.
Эзелкиден балдар үчүн арналган,
Бул тарбия, эң зор усул тандалган.
Мүмкүн атам катардагы пендедир,
Бирок бизге идеалга айланган.
Бул дүйнөдөн көчүп жаткан аксакалдарды көрүп жүрөк тилинет…