Антальяда комада жаткан кыргызстандык кыз реанимациядан палатага которулду

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр декабрь айынын акырында эс-учу жоголгончо сабалган кыргызстандык кыз Анталья — Коркутели авто жолунда табылган болчу. Учурда ал Антальядагы Акдеңиз университетинин ооруканасында дарыланып жатат.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Бир айдан ашык комада жаткан 22 жаштагы кыргызстандык кыз өзүнө келип, реанимациядан палатага которулганын ага жардам берип жаткан Түркиянын жараны Халит Мерт Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Эске салсак, былтыр декабрь айынын акырында эс-учу жоголгончо сабалган кыргызстандык кыз Анталья — Коркутели авто жолунда табылган болчу. Учурда ал Антальядагы Акдеңиз университетинин ооруканасында дарыланып жатат. Кызды сабады делгендер да кармалган

"Учурда кыргызстандык кыздын абалы жакшы. Ал 2-февралда комадан чыгып, өзүнө келип калды. Азыр анын ата-энеси жанында. Алар кезек менен кызын карап, алмак-салмак эс алып жатышат. Биз дагы колдон келген бардык жардамдарды берүүдөбүз", — деди Мерт.

Ал ошондой эле кыргызстандык бейтапка керек болгон бардык дары-дармек жана башка каражаттар толугу менен берилип, дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө экенин кошумчалады.

"Бейтап көпкө жатып калгандыктан азыр анын булчуңдары алсыз. Дарыгерлер дене-башын чыңдоо боюнча аракеттерди көрүп жатат", — деди ал.

Курманжан датка тасмасынан кадр, актер Азиз Мурадиллаев Алымбек датканын ролунда - Sputnik Кыргызстан
Актер Мурадиллаевдин абалы жакшыра баштагандыктан, операция жасалбай турган болду
Халит Мерт андан сырткары бейтапты Кыргызстанга алып келүү боюнча азыр айтуу эртелик кыларын, ошентсе да Кыргызстандын консулдугу менен бул жааттагы иштер аткарылып жатканын айтты.

Маалыматтарга ылайык, 22 жаштагы кыргызстандык кыз Түркияга иштөө үчүн 2016-жылдын 15-июлунда келген. 21-декабрда айдоочулар тарабынан Анталья — Коркутели авто жолунан табылган. Ооруканага жаткырылгандан кийин бейтаптын мээсине үч жолу операция жасалган. Түркиялык басылмалардын жазышынча бейтап өзүнө келгенде алгач "ата, апа" деген сөздөрдү айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0