"Adidas бут кийимчен" мумия Кыргыз каганатынын дооруна таандык

© Фото / Gogo Mongolia NewsБатыш Монголиянын Uzuul Gylan тоолуу аймагынан 2803 метр бийиктиктен табылган буюмдар
Батыш Монголиянын Uzuul Gylan тоолуу аймагынан 2803 метр бийиктиктен табылган буюмдар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр июнь айында Батыш Монголияда археологдор мумияланган аялдын сөөгүн табышкан. Анын бутундагы чокою Adidas фирмасынын бут кийимдерин элестет.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Монголиянын тоолорунан табылган мумияланган аялдын сөөгү IX-X кылымдардагы Кыргыз каганатынын дооруна таандык экенин Монголиянын Gogo Mongolia порталы жазып чыкты.

© Фото / Gogo Mongolia NewsМонголиянын тоолорунан табылган мумияланган аялдын сөөгү IX-X кылымдардагы Кыргыз каганатынын дооруна таандык экенин Монголиянын Gogo Mongolia порталы жазып чыкты
Монголиянын тоолорунан табылган мумияланган аялдын сөөгү IX-X кылымдардагы Кыргыз каганатынын дооруна таандык экенин Монголиянын Gogo Mongolia порталы жазып чыкты - Sputnik Кыргызстан
1/4
Монголиянын тоолорунан табылган мумияланган аялдын сөөгү IX-X кылымдардагы Кыргыз каганатынын дооруна таандык экенин Монголиянын Gogo Mongolia порталы жазып чыкты
© Фото / Gogo Mongolia NewsБылтыр июнь айында Батыш Монголиянын Uzuul Gylan тоолуу аймагынан 2803 метр бийиктиктен археологдор байыркы бейитти табышкан
Былтыр июнь айында Батыш Монголиянын Uzuul Gylan тоолуу аймагынан 2803 метр бийиктиктен археологдор байыркы бейитти табышкан - Sputnik Кыргызстан
2/4
Былтыр июнь айында Батыш Монголиянын Uzuul Gylan тоолуу аймагынан 2803 метр бийиктиктен археологдор байыркы бейитти табышкан
© Фото / Gogo Mongolia NewsАндан мумияланган аялдын бутундагы чокою Adidas фирмасынын бут кийимдерин элестеткен
Андан мумияланган аялдын бутундагы чокою Adidas фирмасынын бут кийимдерин элестеткен - Sputnik Кыргызстан
3/4
Андан мумияланган аялдын бутундагы чокою Adidas фирмасынын бут кийимдерин элестеткен
© Фото / Gogo Mongolia NewsЖанынан ээр, жүгөн, койдун башын, жаздык, чопо идиштер, жыгач табак, чөмүч, темир чайнек, Борбор Азиядагы түрк элдеринин жана монголдордун улуттук кийимдери табылган.
Жанынан ээр, жүгөн, койдун башын, жаздык, чопо идиштер, жыгач табак, чөмүч, темир чайнек, Борбор Азиядагы түрк элдеринин жана монголдордун улуттук кийимдери табылган. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Жанынан ээр, жүгөн, койдун башын, жаздык, чопо идиштер, жыгач табак, чөмүч, темир чайнек, Борбор Азиядагы түрк элдеринин жана монголдордун улуттук кийимдери табылган.
1/4
Монголиянын тоолорунан табылган мумияланган аялдын сөөгү IX-X кылымдардагы Кыргыз каганатынын дооруна таандык экенин Монголиянын Gogo Mongolia порталы жазып чыкты
2/4
Былтыр июнь айында Батыш Монголиянын Uzuul Gylan тоолуу аймагынан 2803 метр бийиктиктен археологдор байыркы бейитти табышкан
3/4
Андан мумияланган аялдын бутундагы чокою Adidas фирмасынын бут кийимдерин элестеткен
4/4
Жанынан ээр, жүгөн, койдун башын, жаздык, чопо идиштер, жыгач табак, чөмүч, темир чайнек, Борбор Азиядагы түрк элдеринин жана монголдордун улуттук кийимдери табылган.

Былтыр июнь айында Батыш Монголиянын Uzuul Gylan тоолуу аймагынан 2803 метр бийиктиктен археологдор байыркы бейитти табышкан. Андан мумияланган аялдын бутундагы чокою Adidas фирмасынын бут кийимдерин элестеткен. Жанынан ээр, жүгөн, койдун башын, жаздык, чопо идиштер, жыгач табак, чөмүч, темир чайнек, Борбор Азиядагы түрк элдеринин жана монголдордун улуттук кийимдери табылган. Андан сырткары, сейрек кездешкен кийиз куржун, анын ичинен койдун омурткасы, эчкинин сөөгү жана чыныларды салып сактаган тери кап болгон.

Древнетюркский рунический надпись в Онгудайском районе Республики Алтай - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз каганаты учурунда жазылган уникалдуу рун жазуулары Алтайдан табылды
Gogo Mongolia басылмасынын жазышынча Монголия жана Түркиядан келген окумуштуулардын тобу 10 табылганын үлгүсүн АКШдагы алдыңкы лабораторияларга жөнөткөн. Анын жыйынтыгына ылайык, табылгалар Түрк империясынын кыйрашы жана Кыргыз каганатынын (IX-X кылым) калыптынышы дооруна таандык.

"Табылгаларды изилдөө учурунда мумияланган аял ак сөөктөр тукумуна таандык деген жыйынтыкка келдик. Себеби анын кийимдери жана жанынан табылган буюмдар буга чейин башка жактан табылгандарга салыштырмалуу жогорку сапатта болгон. Анын бут кийими темир жана коло менен кооздолгон, кийими болсо ичинен жүн, сыртынан тери менен капталган. Ушунун бардыгы жакшы сапатта сакталып калганына биз аябай таң калдык", — деди окумуштуу Себахаттин Кутук.

Бейиттин 2803 метр бийиктикте болушу да анын жакшы сакталышына шарт түзгөнүн окумуштуулар баса белгилешет.

"Мумияланган аялдын бою 165 сантиметр. Анын көмүлгөн жери дагы капысынан тандалбаса керек. Тоодогу муздак аба ырайы мумиянын эч бузулбай ошол бойдон сакталашын шарттаган", — деди маданий мурастар борборунун директору Энкбат.

Табылган аялдын сөөгү жана башка буюмдар Монголиянын Улуттук музейине 15-февралда коюлат.

Жаңылыктар түрмөгү
0