БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Монголиянын тоолорунан табылган мумияланган аялдын сөөгү IX-X кылымдардагы Кыргыз каганатынын дооруна таандык экенин Монголиянын Gogo Mongolia порталы жазып чыкты.
Былтыр июнь айында Батыш Монголиянын Uzuul Gylan тоолуу аймагынан 2803 метр бийиктиктен археологдор байыркы бейитти табышкан. Андан мумияланган аялдын бутундагы чокою Adidas фирмасынын бут кийимдерин элестеткен. Жанынан ээр, жүгөн, койдун башын, жаздык, чопо идиштер, жыгач табак, чөмүч, темир чайнек, Борбор Азиядагы түрк элдеринин жана монголдордун улуттук кийимдери табылган. Андан сырткары, сейрек кездешкен кийиз куржун, анын ичинен койдун омурткасы, эчкинин сөөгү жана чыныларды салып сактаган тери кап болгон.
"Табылгаларды изилдөө учурунда мумияланган аял ак сөөктөр тукумуна таандык деген жыйынтыкка келдик. Себеби анын кийимдери жана жанынан табылган буюмдар буга чейин башка жактан табылгандарга салыштырмалуу жогорку сапатта болгон. Анын бут кийими темир жана коло менен кооздолгон, кийими болсо ичинен жүн, сыртынан тери менен капталган. Ушунун бардыгы жакшы сапатта сакталып калганына биз аябай таң калдык", — деди окумуштуу Себахаттин Кутук.
Бейиттин 2803 метр бийиктикте болушу да анын жакшы сакталышына шарт түзгөнүн окумуштуулар баса белгилешет.
"Мумияланган аялдын бою 165 сантиметр. Анын көмүлгөн жери дагы капысынан тандалбаса керек. Тоодогу муздак аба ырайы мумиянын эч бузулбай ошол бойдон сакталашын шарттаган", — деди маданий мурастар борборунун директору Энкбат.
Табылган аялдын сөөгү жана башка буюмдар Монголиянын Улуттук музейине 15-февралда коюлат.