Ош дарыгерлери түркиялык адистерден эне-баланын саламаттыгын чыңдоону үйрөнүштү

© Sputnik / Вадим Жернов / Медиабанкка өтүүОбучающий симуляционный центр для начинающих врачей в Санкт-Петербурге
Обучающий симуляционный центр для начинающих врачей в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык дарыгерлер менен тажрыйба бөлүшүү үчүн Түркиядан неонатолог, педиатрлар келишкен.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Ошто 39 медицина кызматкерин Түркиядан адистер келип окутканын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Работа родильного отделения Калининградского родильного дома №4 - Sputnik Кыргызстан
Гинеколог Наби Тагиев: акушерлердин эркек болгону жакшы
Маалыматка ылайык, иш-чара 6-8-февраль күндөрү өттү. Ага облус менен шаардын дарыгерлери жана медициналык окуу жайдын мугалимдери катышып, алар ымыркайлардын өлүмүн азайтуу багытында билимин жогорулатышкан.

Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташуусунун алкагында өткөрүлгөн окутууга неонатолог, педиатр болуп жалпы жонунан 19 адис келген.

Кошумчалай кетсек, буга чейин Бишкекте, Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облусунун 175 кызматкери дагы атайын окуудан өткөн.

Жазында Жалал-Абад жана Баткен облусунун дарыгерлерин атайын окуудан өткөрүү пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0