Эфиопияда интернет жай болгону маселе жаратат. Буга байланыштуу Билгун менен болгон маек дээрлик бир суткага созулду.
— Африкага барып калышыңызга эмне себеп болду? Ал жакта эмне менен алектенип жүрөсүз?
— Мен улуттук госпиталда иштечүмүн. Эң мыкты хирургдардын бири болгон Алымкадыр Бейшеналиевдин метебинен өткөм. Андан кийин окуу жайга келип хирургия боюнча сабак берип жүрдүм. Мен кичине кезимден тарта Кызыл жарым ай коомунда иштөөнү эңсечүмүн. Уюм тууралуу берүүлөрдү көрүп маалымат алып турчумун. Башка студенттердей эле чет мамлекетке барып тажрыйбадан өтөөнү каалап англис тилин үйрөндүм.
Учурда ыкчам хирургия бөлүмүндө иштейм. Бирок травматология боюнча бейтаптарды дагы кабыл алам. Бул жакта балдар жана чоңдор хирургиясы жок. Тажрыйбаны комплекстүү аласың. Эгер сен карабай турган бейтап кайрылса ага так диагноз коюп анан гана тиешелүү адистерге жиберүүгө туура келет. Эреже ушундай.
— Тажрыйбаңызда оозду ачырган окуялар болду беле?
— Ооба, болгондо да бир эле жолу эмес. Бирок акырындык менен мындайга да көнөсүң. Көпчүлүк жергиликтүү бейтаптар күйүк менен кайрылышат. Электр тармагында иштегендер коопсуздук каражаттарын колдонушпайт. Керек болсо колдоруна кол кап дагы кийип алышпайт. Бийиктиктен кулап кеткендер да бар. Мындан тышкары, шаарда жол чырактар дагы иштебегендиктен жол кырсыктары көп катталат.
— Бул өлкөдө сизди эң алгач таң калтырган нерсе эмне болду?
— Калк. Борбор калаа Аддис-Абебеде 100 миллионго жакын адам жашайт. Байлар менен кедейлердин ортосундагы айырма аябай эле билинип турат. Көпчүлүк үй-бүлөсү менен көчөдө жашайт. Жергиликтүү калктын чет элдиктерге болгон реакциясы дагы таң калтырат. Көчөдө кетип баратканда "фрэнч" деген сөздү көп угам. Бул сөз "ак адам" дегенди туюнтат экен. Жаратылышы дагы өзгөчө. Климаты биздикинен кескин айырмаланат.
— Эфиопиядагы жашоо деңгээли Кыргызстанга салыштырмалуу кандай экен?
— Бардык жагынан артта калгандай сезилип жатат.
— Суу көйгөйү болсо керек?
— Суунун жетишсиздиги байкалбайт деле. Албетте даамы мен көнгөн сууга окшош эмес. Сууну сатып алууга туура келет. Ал эми крандан чыккан сууну ичкенге болбойт. Бирок муну чоң көйгөй деп атабайт элем. Даамдуу суусундуктар көп. Кыскасы тамагың кургап өлбөйсүң.
— Кыргыздар эфиоптордон эмнеси менен айырмаланып, кайсы жактары окшош?
— Айырма өтө деле чоң эмес. Эфиопиялыктар меймандос келип, бизге окшоп майрамдарды жакшы көрүшөт. Анан чоң патриот дагы болушат.
— Бирөө коштоп жүрбөсө кооптуу эле. Күндүз шаар ичин араласа болот. Бирок кечкисин тааныштардын жанында болуп же такыр эле үйдөн чыкпаш керек. Кээде жергиликтүү тургундар чоң муштумдугун көрсөтөт. Кызыгы бул жакта чаламандын чак түшүндө тоноп кетишет. Чөнтөкчүлөр абдан көп. Кудайга шүгүр мен ууруларга кабыла элекмин.
— Эфиопиялыктар дагы этти жакшы көрүшсө керек…
— Ооба, бизди окшоштурган дагы бир нерсе бул эт азыктарына болгон сүйүү. Кашык менен вилканын ордуна лаваш сымал жасалган жупканы колдонушат. Анын жардамы менен эт, жашылча жешет. Ичине ар нерсе салынган шаурма сыяктуу.
— Башка мамлекеттерге кетүү планыңызда барбы?
— Бириккен Араб Эмираттарына же Европага барсам дейм. Учурда тажрыйба топтоп жатам. Бул жакта ар бир төртүнчү жаран англис тилинде сүйлөй алат. Медициналык терминдердин англисчесин үйрөнүп жатам. Андан кийин медициналык кызмат көрсөтүү эң жогорку деңгээлде болгон өлкөлөрдө иштөөгө жол ачылат.
— Кыргызстандагы башка медиктер Африкага кантип кете алышат?
— Программалар көп. Алардын бардыгы ачык. Тил үйрөнүү менен документтерди такташ керек. Жакшы окуу менен бирге тажрыйба дагы мыкты болуш керек. Иште тажрыйба абдан маанилүү, башка дарыгерлерден үйрөнүш керек. Бардык нерсе өзүбүздүн эле колубузда.