БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. 2017-жылдагы ажылык иштери жакындап калгандыгына байланыштуу муфтият Кыргызстандын жана Сауд Аравиянын улуттук авиакомпаниялары ортосунда сынак жарыялайт.
Конкурс 21-февралда муфтияттын жыйындар залында өтүп, документтерди кабыл алуу 19-январдан 19-февралга чейин жүрөт.
Жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирилген арыздар кабыл алынбай турганын муфтияттан баса белгилешти.