Быйыл ажылыкка кыргызстандыктарды Flynas компаниясы ташыйт

© пресс-служба ДУМК КРАжылыкка барган кыргызстандык зыяратчылар. Архив
Ажылыкка барган кыргызстандык зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл кыргызстандык зыяратчылар үчүн Сауд Аравиясы 3685 орун бөлүп берген.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Быйыл ажылыкка кыргызстандык зыяратчыларды Flynas компаниясы ташый турганын КР муфтиятынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Сауд Аравиясынын компаниясы конкурстун жыйынтыгында тандалып алынган.

"26-январдан 26-февралга чейин жарыяланган конкурска бир гана Flynas компаниясы катышып, ал конкурстун жеңүүчүсү деп табылды", — деп муфтияттан кошумчалашты.

Белгилей кетсек, аталган компания былтыр да зыяратчыларды ташыган.

Быйыл кыргызстандык зыяратчылар үчүн Сауд Аравиясы 3685 орун бөлүп берген. 2015-жылкы ажылык учурунда да ушундай квота бөлүнгөн эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0