10:18 22 Аяк оона 2017
Түз эфир
Белгилүү журналист Тынчтыкбек Кожобеков

Тынчтыкбек Кожобеков: акчаң жокпу, кечирип кой, ырчы боло албайсың!

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Гүлдана Талантбекова
236491

Кыргыздын Цукерберги атка конгон белгилүү журналист Тынчтыкбек Кожобеков эки жылдан бери "Тынчтыктын мониторинг сервисин" (ТМС) иштетип, радиодон кеткен ырларга мониторинг жүргүзүп, жыйынтыгын эл менен бөлүшүп турат. Жакынкы күндөрү региондогу радиостанцияларды дагы интернетке кошууну максат кылууда.

Шоу-бизнести алаканга салгандай көрө билген Тынчтыкбек Кожобеков журналист Гүлдана Талантбековага продюсер, менеджерлердин ишмердүүлүгүнүн күңгөй-тескейи, автордук укук жана акындардын аброю тууралуу айтып берди.

— Социалдык тармактарда отурган ырчы, акын, обончулардын көбү сиздердин сайттан жетишкен ийгиликтери менен сүйүнүп бөлүшүп жаткандарына күбө болуп келебиз. Мындан улам ишкана ойлогон максатына жетти деп айта аласызбы?

— Биз инновациялык долбоорго жаңыдан чыйыр жол салып жатабыз. Буга чейин эч ким мындайды жасап көргөн эмес. Чет жерден франшизм кылып алып келген жокпуз. Өзүбүз ойлоп таптык, кыргыз эле программисттер жазды дегендей.

Ал эми ырчылардын социалдык тармактарда жетишкендиктерин бөлүшүп жаткандыгын кубануу менен кабыл алабыз. Жасап жактан ишиңди кимдир-бирөө байкап, элге айтып турса жакшы экен.

5-январда ТМСтин ачылганына эки жыл толду. Биз эки жыл аралыгында 16 радиону тыңдап, мамлекеттин социалдык пакетке кирген мультиплекстик телеканалдардын бардыгын камтыганга жетиштик. Учурда Бишкек шаарындагы бардык радиолорду мониторингге алганга шарт түзүлдү. Ошондой эле региондогу радостанцияларды онлайн режимге алып чыгып элдин угуусуна шарт түзөбүз. Ошондо февраль айынын башы менен 13 радиону интернетке туташтырабыз. Мындан Кыргызстандын мейкиндигинде бир гана музыка эмес, жаңылык таркатууда тилдин саясаты канчалык деңгээлде жүрүп жатканын анализдеп чыксак болот. Быйыл өтө турчу президенттик шайлоону дагы мониторинг кылууга мүмкүнчүлүгүбүз жетет. Булар эки жылдан бери жасап жаткан ишибиздин бүгүнкү күнгө карата жыйынтыгы. Биз ойлогон максаттарга жетиш үчүн көп убакыт керек. Бирок жакшы жылыштар бар.

— Бул ишкананы эмне максат менен ачкансыз. Идея кайдан келген?

— Мен музыкалык радиостанцияда жыйырма жылга чукул эмгектендим. Ошол жылдары көп ырчылар ырларын радиого алып келет, угуп көрүп эфирге коёсуң. Анан ортодо "сен менин ырларымды радиодон койбой жатасың" деген жакшы-жаман сөздөр айтылат. Койсоң же укпай калышат. Анан кантип ырчыларга ыры кетип жатканын далилдеп берем деген ойлор болду. Айрым учурда радиодон кетип жаткан ырын магнитофонго жаздырып угузуп жүрдүк. Кийин ушул идеяны интернет платформасына алып чыктык. Калыбек аттуу программист бала менен идеямды кеңешсем, эки сөз менен гана түшүнүп техникалык жагын иштеп чыкты. 

Глава компании ТМС-Тынчтык мониторинг сервис Тынчтык Кожобеков
© Sputnik / Азамат Тотубаев
Белгилүү журналист Тынчтыкбек Кожобеков: биз инновациялык долбоорго жаңыдан чыйыр жол салып жатабыз. Буга чейин эч ким мындайды жасап көргөн эмес. Чет жерден франшизм кылып алып келген жокпуз. Өзүбүз ойлоп таптык

— Ырчылар "менин ырым радиодон кетпей жатат" деп айтканынын себеби бар деп ойлойм. Анткени радиодо иштеген ди-джейлер көп учурда продюсер болуп кетишет. Сыр деле эмес, ошол продюсерлер кызматташкан ырчысынын ырын көбүрөөк бере берет экен… Сиз деле убагында продюсер болуп жүрбөдүңүз беле? Алар көбүнчө менеджерлик жагына ыктап алышкан жокпу? Айтсаңыз биздин продюсерлерге кандай баа бересиз?

— Бул аябай орчундуу жана көйгөйлүү суроо. Бизде продюсерлик мектептин жакшы өспөй жатканына ичим ачышат. Анткени продюсерлик иш биздин маданияттын түркүгү боло турган кесиптердин бири. Эмнегедир окуу жайларда бул тармакка үйрөткөн кафедраларды ачышпайт. Продюсерлик бир гана музыкада эмес, кинодо, теледе, радиодо, музыкалык концерттин ишмердүүлүгүндө да керектүү нерсе.

Продюсердин жоктугунан ырчылар чыгармасы радиодон кетиш үчүн ди-джейлерден жардам сурашат, алар болсо акчасын алышат. Башкача айтканда, ырчынын ийгиликке жетүүсүнө жардам берет. Бул жакшы нерсе. Ал эми ишкананы өстүрөм деген ди-джейлер бир эле ырчынын ырын улам коюп аудиторияны жоготуп алуу коркунучуна кептелгиси келбейт. Өзүн сыйлабаган радио болсо кимдин гана ыры болбосун кое берет. Мен аларды региондогу радиостанциялардын деңгээлиндей кабыл алам.

Ырчы болуш өтө оор кесип. Ырчы жалгыз башы менен көп нерсеге жетише албайт. Алар бай көрбөгөн сыйды көрөт, кедей көрбөгөн кордукту көрөт деген сөз бар. Мына ошондуктан биздин ырчыларга жардамчылар сөзсүз керек.

Продюсер болуш үчүн сөзсүз окуу жайдан билим алып, музыкант болуу маанилүү эмес. Дүйнөлүк практиканы карасак мыкты продюсерлер — экономисттер. Биринчиден, акча санаганды билишиң керек, экинчиден, жасай турган продукт канчалык деңгээлде элге кызык болорун анализдөө зарыл. Бир ырга да продюсер болсоң болот. Мисалы, Султан Садыралиевдин аткаруусундагы "Кыргыз бийи" деген ырдын продюсери Рысбек Жабиров. Биринчи ырды жаздырды, төп келген ырчыны тапты, клипти тарттырды дагы массалык түрдө пиар иштерин жасап койду. Жалпысынан алганда продюсер акчалуу адам болушу керек. Ал өзүнүн бош каражатын башка ишкерлер сыяктуу эле иштете алат.

Бакиев өлкөдөн кеткен жылдары мага окшогон балдар жаш ырчыларга продюсер болуп чыгышты. Ал жумушубуз деле ашып кетсе беш жылга созулду. Урап калышынын эки себебин айта алам. Биринчиси, продюсерлердин акчасынын жоктугу, экинчиси, ырчынын ата-энесинин продюсердин ишине кийлигишип кеткени. "Сен менин баламды кулча иштетип акчасын жеп атасың" дегендер болгон. Чындыгында ишибиз тескерисинче эле. Ырчы бир жолу атын жасайт, өмүр бою аты менен жыргап жашайт. Продюсер болсо андан эч кандай пайда көрбөйт. Таарынбасын, бирок ырчылар жылкы мүнөз болот. Курсагы ачканда чуркап келип, ийгиликке жеткенде продюсерлерди унута баштайт. 

Журналист Тынчтык Кожобеков в Анталье, Турция
© Фото / предоставлено Тынчтыком Кожобековым
Тынчтыкбек Кожобеков: бизде продюсерлик мектептин жакшы өспөй жатканына ичим ачышат. Анткени продюсерлик иш биздин маданияттын түркүгү боло турган кесиптердин бири

— Ошондо ырчылык деле бир чоң бизнес турбайбы?

— Чыгармалылыктын эки түрү бар. Кагазга ыр жазып бир жакка барганда окуп коюу бул — чыгармачылык. Ал эми ыр окуп ошондон акча таап жатсаңыз ишкерлик болуп эсептелинет. Биздин ырчылар тойлорго барып акча таап жатат, демек алар ишкерлер. Мыйзам боюнча сүрүштүрүп келсе ошондой болуп калат. Мындай учурда алар кадимкидей патент алып же жеке студия, коомдук уюм ачканга туура келет. Ырчылардын музыкалык билими тууралуу диплому анын ырчы экендигин далилдей албайт. Мунун баары мыйзам иштебей жатышынын натыйжасы. Мына, жакында борборго Филипп Киркоров концерт бергени келгени жатат. Эгерде ал өлкөгө эс алганы келсе — турист, ал эми ырдаганы келе жатса миграциялык кызмат аркылуу уруксат алып, бизге салык төлөшү керек. Мындайча айтканда, бизге чет элден каалаган ырчы келип ырдап кете берет. Бирок эмне себептен мындай иштерге жогорку жактагылар көңүл бурбайт, билбейм.

— Азыр айрым ырчылар продюсери жок, бирок менеджери менен иштешип жатышат. Аларга көз карашыңыз кандай? Жаш ырчылар кыйналып калышпайбы?

— Ырчы жаңы чыгып жатканда менеджер менен иштешүү пайдасыз оокат. Себеби ырчы сахнаны аттаганда өмүр бою көтөрүп жүрө турган образын жаратыш керек. Сүйлөгөн сөзүнөн тарта кийген кийиимине чейин кынтыксыз болушу керек. Мисалы Мамасадык Багышбаев Каныкейди жаштайынан баштап бир канча жыл оригиналдуу кылып даярдаган. Биздин ырчылар стиль жагынан оомо. Мисалы, бүгүн бир ырчы чачын капталга тарап элден мактоо сөз угуп койсо, эртеси бардыгы ошентип алат. Былтыркы жылдын эсебинен "Синемарт продакшн" компаниясы Самара Каримованы продюсерликке алган. Бир жыл ичинде Самаранын сүрөтүн, имиджин, кийимдерин, берген интервьюларын сонун кылып койду. Ырчы азыркы күндө ошонун жемишин көрүп жатат. Бул жакшы нерсе. Ырчы деген акча жасаганды үйрөнүшү керек. Көп учурда ата-энелер "балам таланттуу, ырчы кылып чыгарып койчу" дейт. Кайсы арыма чыгарам? Ырдап койгон эле жетишсиз, сөзсүз капитал керек. Кечирип кой, шоу-бизнесте акчаң жок сен эч ким эмессиң. Стилин иштеп, чыгармасын жаздырып, формасын тиктиргендин баары эле каражатка келип такалат.

— Автордук укук, келишим түзүү тууралуу да айта кетсеңиз?

— Ырчы сахнага кадам таштагандан тарта өмүрүнүн акырына чейин акындар менен иштешет. Акын менен композитор аял-күйөөсү сыяктуу бир чыгарманы жаратат. Алардын чыгармасы кыргыз патенттен өтүп, күбөлүк алат. Ошол күбөлүктүн негизинде аткаруучуга уруксат кагаз берилет. Ырдын ээси ырчы эмес, авторлор. Акындар менен ырчылар юрист аркылуу түзүлгөн келишимде чыгарманы бир же андан көп убакыт ырдаганга уруксат экени, сенден башка эч ким ырдабайт же сынактан алган байге канчалык деңгээлде авторлорго бөлүнөт, түшкөн каражаттар канча пайызда берилет, кайсы учурда ырдаганга болбойт деп майда-чүйдөсүнө чейин жазылат. 

Глава компании ТМС-Тынчтык мониторинг сервис Тынчтык Кожобеков
© Sputnik / Азамат Тотубаев
Тынчтыкбек Кожобеков: чыгармалылыктын эки түрү бар. Кагазга ыр жазып бир жакка барганда окуп коюу бул — чыгармачылык. Ал эми ыр окуп ошондон акча таап жатсаңыз ишкерлик болуп эсептелинет

Учурда акындар, обончулар жараткан чыгармаларын ырчыларга сатышат. Сатты деген сөз мен сиздин чыгарманы толугу менен сатып алдым дегенге жатпайт. Болгону ошону бир канча убакытка гана уруксат бердиңиз дегенди билдирет. Ырлар айрым учурда гана келишимдин негизинде толугу менен сатылышы ыктымал. Азыркы ырчылардын көбү аткаруучу деген гана статуста турушат. Акындардын өздөрүнүн да күнөөсү. Укуктарын билбегендиктен ысымдары аталбай калып жатат. Мен акындарга "ырчылар чыгармаңарды аткарып койгонуна сүйүнбөй, бизнес жасаганды да үйрөнгүлө, ар бир сабыңарга сараң болгула" деп айтам. Ошондо эл акындарды таанып, радио, теледегилер сыйлай баштамак. Биздин акындардыкы күндө туусам күндө жок, жылан келип жеп кетет дегендей эле. Бул нерсенин өзөгү мамлекетте мыйзам иштебей жаткандыгын билдирет.

— Сиздердин ишкананын каржылоо жагы кандай болуп жатат. Каржылаган бирөө жарым барбы?

— Толугу менен өзүмдүн акчама иштетип келем. Ырчыларды каттоодон түшкөн акча кайра эле өздөрүнө кетет. Бул ишти жасаш финансылык жактан оор. Бирок келечекте өзүмө, үй-бүлөмө, мамлекетке, шоу-бизнеске кандай каражат алып келерин жакшы билем. Ошондуктан көз жуумп коюп иштеп жатабыз. Былтыр Тажикстанда өткөн эл аралык симпозиумда идеябыз үчүн гранд утуп алганбыз. Жыйынтыкты чет жерден келген калыстар аныкташкан. Казакстанда өткөн фестивалдарда алдыңкы орундарды алып келгенбиз. Биз муну менен Кыргызстанда гана эмес, коңшу мамлекеттерде франшиза катары алып чыга турчу ойлорубуз бар. Негизинен биздин долбоорго кызыккандар абдан көп.

Тема боюнча

Айылыма алыстан туруп көз салганда... Ичип кеткен авалар азайды...
Кыргыз-казак обондору: коңшудан келип хитке айланган ырлар
Белгилер:
автордук укук, продюсер, келишим, ырчы, Тынчтык Кожобеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ