Гүл берүү этикети: Голландия розасынан ашып түшкөн орхидея

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүГүл сатуучу дүкөнү. Архив
Гүл сатуучу дүкөнү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыр той-топурду, кечени барпырак көйнөксүз, дүйүм тамак толгон дасторконсуз жана аңкыган жыттуу гүлсүз элестетүү кыйын. Мейли кооз көйнөк деле кийбей коюшуңуз мүмкүн. Бирок гүлсүз кантип кур кол бармаксыз?

Өлкөдө сатылып жаткан гүлдөрдүн саны жана сапаты, баасы жана алып келинген мекени, өстүрүлгөн күнөсканасы тууралуу журналист Гүлдана Талантбекова билип көрдү. 

Гүл боюнча адис Гульнора Хигай: гүл тармагы күнү бүтпөй турган бизнес

— Кыргызстандагы гүл сатуу менен алектенген бардык дүкөн, борборлор Голландия менен иштешкен компаниянын өкүлү менен кызматташат. Жетекчиси өзүнүн жеке учагы менен бизге гүлдөрдү дүңүнөн алып келип берет.

Гүлдөр сезонго жараша сатылат. Азыр кышында Голландиядан, Кениядан келген ак, кызыл, гүлгүн розалар, үй шартында өстүрүлчү мандариндер, балатылар келип жатат. Кытайдан бери КамАЗ менен алып келинген бөлмөгө коюлчу гүлдөр дагы бар. Алардын баасы Голландияга салыштырмалуу арзан.

Новогодние подарки близким - Sputnik Кыргызстан
Ара-чолодо ала койчу белектер. Кыргызстанда Жаңы жылга эмне белек беришет
Бишкекте гүлдөрдүн баасы ар кандай. Сатуучулар жайгашкан районуна, көчөсүнө карап бааны коюп алышат. Маселен Голландиядан розанын бир даанасын 120-130 сомго алсак, сатуучулар 180-200 сомго сатышат. Кышкысын жер-жемиш кымбаттагандай эле гүлдөрдүн баасы да көтөрүлөт. 

Биздин күнөсканаларда өстүрүлгөн гүлдөр бар. Аларга талап жайдын күнү жогорулайт. Күнөскана иштеткендердин көбү орустар жана күрддөр. Ысык-Көлдөн дагы гүлдөрдү жиберишет. Жайдын күнү сыртта апалар сатып отурган гүлдөрдү көрүп калып жатсаңыздар керек. Алар ромашка, георгинге окшогон талаа гүлдөрү. Гүл дүкөнүн иштеткендер "короо гүлдөрү" деп аларды сатыкка алышпайт.

Кардарлардын талаптары да ар кандай. Көбү чоң жана арзан баада болсо экен дешет. Бизде аты кеңири тараган, маселен орхидея, роза, хризантема, жоогазын сыяктууларга талап жогору. Тар чөйрөдөгү адамдар гана экватордон келген капустага окшош бир башкача формадагы гүлдөрдү сатып алууну каалашат.

Негизи гүл тармагын иштетүү өлбөй турчу бизнестин катарын толуктайт. Сатуучулар гүл дүкөндөрүн 24 саат бою иштетишет. Турмуш тиричиликти жакшырта турчу каражатты табат деп айта алам. Элдин гүлгө болгон талабы бар кезде бул бизнестин иши бүтпөйт.

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүКүнөскананы иштетүү да түйшүктүү. Бир температурада көмүр жагып жатып кээде түнү менен уктабай чыгасың
Выращивание цветов к 8 марта в теплице Великого Новгорода - Sputnik Кыргызстан
Күнөскананы иштетүү да түйшүктүү. Бир температурада көмүр жагып жатып кээде түнү менен уктабай чыгасың

Сатуучу Галина: күнөсканага гүл эмес, жашылча өстүргөндөр көп

Сегиз жылдан бери күнөсканада эмгектенген Галина багбандар күнөсканага гүл өстүргөндөн качып, помидор, бадыраң өстүрүп пайда табууну эп көрүшөрүн айтып берди. 

— Кышында биздин убакыт аяктап, Голландиянын күнү тууп жаткан мезгил. Негизи биздин күнөсканада пион, георгин, глориоза, лилия, альстромерия, калл, розалар менен иштейбиз. Күзүндө хризантеманын, жазында жоогазындын мезгили башталат. Гүлдөрдөн сырткары, букетти жасалгалоочу ар кандай жалбырак сымал өсүмдүктөрдү өстүрөбүз.

Күнөскананын ичиндеги температура ар кайсыл гүлдүн табитине жараша коюлат. Гүлдөргө жарык берүүчү атайын каражат жок. Ошондуктан күндүн илебине дайыма муктажбыз. 

Күнөскананы иштетүү да түйшүктүү. Бир температурада көмүр жагып жатып кээде түнү менен уктабай чыгасың. Убактысы менен чөптөрүн жулуп, курттарын тазалап, топурагын жумшартып турушуң зарыл. 

Азыр Голландиянын, Кениянын розаларын күнөсканага өстүрүп пайда тапкандар бар. Бир түп роза көчөтү 5-6 чанак байлайт. Бирок биздин климат катаал болгондуктан Голландияныкындай бийик болбойт, чанактары да чүрүшүп калат. 

Бизде күнөсканага гүл өстүрүүдөн качышат. Анын ордуна помидор, бадыраңдан өстүрүп пайда табууну эп көрүшөт. 

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЭлдин гүлгө болгон талабы бар кезде бул бизнестин иши бүтпөйт
Продажа цветов в преддверии праздника 8 марта в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан
Элдин гүлгө болгон талабы бар кезде бул бизнестин иши бүтпөйт

Гүлдөрдүн баасы 

Андан кийин гүл дүкөндөрүнүн бирине баш бактык. Ичиндеги температура 16-17 градусту түзөт экен. Бул жактан абдан кооз, ар түрлүү гүлдөрдү кезиктирүүгө болот. Флорист Наталья Андреева гүлдөрдүн баасы, түрү жана өзгөчөлүктөрүнө токтолду. 

  • Гүлдөрдүн ичинен эң кымбаты — орхидея. Ал падышалардын гүлү деп саналгандыктан бир даанасы 2500 сомдон өйдө турат. Орхидея бөлмөгө коюлат. 
  • Кыш мезгилинде Голландиядан алынып келген үй шартындагы мандарин 1500 сомдон өйдө турат. Булардын бою жапыз болгондуктан кооздук үчүн колдонулат.
  • Голландиялык розанын бир даанасы 200 сом. Көбүрөөк алгандарга 170-180 сомго чейин арзандатуулар болот. Бийиктиги 80-100 см болот. Кызыл розаларга башынан эле талап жогору. Ак, гүлгүн түстөгү розаларды үлпөт тоюна көбүрөөк алышат. 
  • Кениялык розалардын чанактары кичирээк болгондуктан бир даанасы 170 сомдон. Бийиктиги 60-70 см болот.
  • Голландиядан алып келинген үй шартындагы балатынын баасы 600-700 сом. Булардын бою 20-25 см болгондуктан кооздук үчүн эле керектелет. Ноутбук, компьютер, телевизордун жанына коюп алуу сунушталат.
  • Кытайдан келген бөлмө гүлдөрү каланхое, гусманиянын баасы 700-800сом. Отургузулган идишине карата баасы өзгөрүп турат. 
  • Голландиялык хризантемалардын бир даанасы 150, бизде өстүрүлгөнү 80 сом. 
  • Февраль жана март айынын ортосунда жоогазындын сезону башталат. Голландиялык жоогазындын бир даанасы 140 сом болсо, биздикилер 50-60 сомду түзөт. Бул гүл 8-мартта жакшы өтөт. 
  • Гвоздиканы карылар күнүндө, жеңиш майрамында көп алышат. Бул гүлдөр азыр жок. Бирок баасы арзан.
  • Голландиялык гербера гүлүнүн бир даанасы 150 сом. Бул гүлдү туулган күндөргө берүү ылайык.
  • Азыр гүлдөрдү коробканын ичине салып берүү мода болуп жатат. Мында коробканын өздүк баасы эле 400-500 сом турат. Коробканын ичиндеги губкада гүлдөрдү киргизе турчу атайын тешикчелер бар.
  • Көбү гүлдөрдү узакка сакташ үчүн суунун ичине шекерден салып аралаштырып коюшат экен. Бул туура эмес. Болгону гүлдүн түбүн бир аздан кесип турсаңыз 3-4 мүнөттүн ичинде өзүндө коргоочу ткань пайда болот дагы гүл көпкө чейин соолубай турат.
  • Бул жакта гүл өстүрөм дегендерге топурак дагы сатылат. 2 килограмм топурак салынган баштыкча 120-125 сом. Топуракты негизинен Ысык-Көлдөн алып келебиз. 
  • Гүлдүн жасалгалоосуна кошумча 150-200 сом алынат 
  • Романтиктер үчүн гүлдүн желекчелери сатылат. Маселен розанын 1 килограмм желекчеси 80 сом. 

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКээ бир адамдар түгөйү менен акыркы жолугушууга барганда сары розадан көтөрө кетишет. Айрым учурда кайрадан кечирим сурагандын да белгиси болуп кетет
Продажа цветов к 8 марта в Москве - Sputnik Кыргызстан
Кээ бир адамдар түгөйү менен акыркы жолугушууга барганда сары розадан көтөрө кетишет. Айрым учурда кайрадан кечирим сурагандын да белгиси болуп кетет

Кайсы гүлдү кандай учурда берүү керек

Флорист Айжамал гүл тандоонун этикасын айтып берди. 

Кызыл роза сүйүүнүн символу болуп саналат. Ак роза расмий түрдө сүйүүнү билдирүүнүн белгиси.

Сары роза — бул ажырашуунун белгиси. Кээ бир адамдар түгөйү менен акыркы жолугушууга барганда сары розадан көтөрө кетишет. Айрым учурда кайрадан кечирим сурагандын да белгиси болуп кетет. 

Ак жана кызыл розалардан жасалган букеттер гармониялык сезимди, бекем достукту билдирет. 

Жалгыз роза сени гана, сен менин жалгызымсың дегенди түшүндүрөт. 

Үч роза — достуктун, аруу сезимдин символу. 

Жети роза — үй-бүлөлүк бактылуулуктун белгиси. 

13 роза — жамандыктын белгиси. Мынча гүлдү жаман көргөн, ылым санабаган адамга беришет. Этикетти билбегендер үчүн кулакка күмүш сырга.

101 розаны үйлөнүү тоюнда сүйүктүүлөрүнө арнашат же үлпөт тойдо белекке беришет. 

Улуу муундагы адамдардын жакшылык кечелерине себеттеги же атайын идиштеги гүлдөрдү берсеңиз туура болот. Мындай гүлдөрдү спектакль, кино бүткөндө каармандарга тапшыруу да оң. 

Кимдир-бирөөнүн жакшылыгына барганда гүлдү ал үйдүн кожейкесине тапшырышыңыз керек. Эгерде ал үйдүн кожоюнунун өздүк майрамы болуп жатса кеп башка. 

Эгерде мырзалар кыздын үйүнө туугандары менен таанышканы бара жатса, эки башка гүл көтөрө барат. Бири сүйүктүүсүнө, экинчиси болочок кайненесине тапшырылат.

Эгерде кыз баланын ата-энеси менен таанышканы бара жатса, атайын идиште отургузулган бөлмө гүлдөрүнөн алып баруу сунушталат.

Гүлдү сол кол менен кармап, оң кол менен тапшырууну унутпаңыз. 

Жаңылыктар түрмөгү
0