07:02 22 Бирдин айы 2018
Түз эфир
Ту-154 учагында курман болгондордун элесине эскерип гүл коюу

Атамбаев Сочидеги учак кырсыгына байланыштуу Путинге көңүл айтты

© Sputnik / Виталий Белоусов
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кара деңизге Ту-154 учагынын кулашы (9)
18301

Учактын бортунда Сириядагы аскер базага бараткан 92 адам болгон. Кырсыктан эч ким тирүү калган эмес.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Россия президенти Владимир Путинге Сочи аймагындагы учак кырсыгына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

"Кыргызстан элинин жана өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөсүнө көңүл айтам", — деп жазылган телеграммада. 

Россиянын Коргоо министрлиги жекшембинин таңында Ту-154 учагы Адлер аэродромунан көтөрүлгөндөн кийин радардан жоголгондугун билдирген. Министрликтин кошумча маалыматтарында Ту-154 корпусунун калдыктары Кара деңиздин жээктеринде — Сочи аймагында 50-70 метр тереңдиктен табылганы кабарланган. 

Ал эми акыркы кабарларда учактын ичинде 92 адам болгондугу, анын сегизи экипаж мүчөсү жана 84ү жүргүнчү экени айтылды. 64 киши Александров атындагы бий тобунун артисттери Сириядагы Хмеймим аба базасындагы Россиянын Аба космостук күчтөрүнүн аскерлерин Жаңы жыл менен куттуктоо үчүн бараткан. Учакта ошону менен катар эле тогуз журналист, "Справедливая помощь" кайрымдуулук фондусунун башчысы доктор Лиза деген ат менен белгилүү Елизавета Глинка, мамлекеттик эки кызматкер болгон. 

Журналисттер — Биринчи каналдын, НТВ жана"Звезданын" өкүлдөрү болуп чыкты.

Тема:
Кара деңизге Ту-154 учагынын кулашы (9)

Тема боюнча

Якутияда 37 киши учуп бараткан учак жерине жетпей конууга аргасыз болду
Белгилер:
авиакырсык, учак, Владимир Путин, Алмазбек Атамбаев, Сочи
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ