БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Су-27 үлгүсүндөгү аскер учагы машыгуу учурунда кыйрап түшкөнүн Sputnik Казакстан маалымат агенттиги өлкөнүн Коргоо министрлигине таянуу менен билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык Талдыкоргон аймагында түнкү машыгуу учурунда болгон.
"Учкуч майор Искаков учакты эл жашаган аймактан алыс алып барууга аракет кылып, андан кийин учактан секирип кетүүгө үлгүргөн", — деп айтылат маалыматта.
Учурда учкучтун абала канааттандырарлык. Окуянын чоо-жайын Коргоо министрлиги дайындаган атайын комиссия аныктайт.