БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө уурулук, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында аксакалдардын өз ара чечими менен дүкөндөрдө спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине айыл өкмөт башчысы Бакытбек Марипов билдирди.
Анын айтымында, бул чечимге коомдук жайларда башаламандык уюштургандар, жол кырсыктары, мал уурулуктун көбөйүшүнөн улам жарандардын кайрылуусу себеп болгон.
"Жакында өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум учурунда дагы үч-төрт жаран мас абалда келип, жаш келиндерди уят сөздөр менен сөгүп, чыр-чатак чыгарган. Мындан улам аксакалдар жума намазда чогулгандарга барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, айыл аймагында спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салуу талабын коюшту. Муну аялдар кеңешинин, аксакалдар сотунун мүчөлөрүнөн жана жергиликтүү кеңештин депутаттарынан түзүлгөн жамааттык комиссия көзөмөлгө ала турган болду. Чечимге каршы чыккандарга 100 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат. Саткан тарап эле эмес, алгандар дагы айыпка жыгылат. Ал каражаттар жардамга муктаж тараптарга жана бала бакчаларга жумшалат. Жаштарды спортко тартуу максатында спорт зал, ат майдан, бассейндер ачылган", — деди Марипов.
Анын айтымында, өткөн жылы бул демилгени ишке ашыруу үчүн айылдык кеңештин да токтому чыккан. Бирок Ноокат райондук прокуратурасы "ишкерлердин укугу бузулуп жатат" деген жүйөө менен жергиликтүү сотко кайрылып, сот "чечим туура эмес кабыл алынган" деп айылдык кеңешти 10 миң сом өлчөмүндө айыпка жыккан.
Белгилей кетсек, Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө жалпы жети айыл бар.
Эскерте кетсек, буга чейин да Алайда, Ноокаттын башка айылында, Ноокен жана Лейлекте эч кандай мыйзамы жок эле коомчулуктун жалпы чечими менен спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынган.