00:46 11 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8488
  • EUR77.3471
  • RUB1.0986
Кичинекей баланын колдору. Архив

Картондо уктаган Исхак: өкмөт үй-бүлөгө материалдык жактан жардам көрсөттү

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Картондо уктаган Исхак жана үйсүз калган үй-бүлө (13)
211 0 0

Ал эми Ош облустук администрациясы тарабынан үй-бүлөнүн турак-жай маселеси чечилип жатат.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Социалдык тармактарда катуу талкууга алынган картондо уктап жаткан баланын үй-бүлөсүнө өкмөт тарабынан жардамдар бериле баштады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин соцтармакта Ош облусундагы болжол менен Кара-Суу базарында картондун үстүндө уктап жаткан баланын сүрөтү талкууга алынган. Кийинчерээк ал баланын аты Ихсак экени, апасы Зулфия Үсөнованын төрт баласы бар экени аныкталган. Мындан сырткары, үй-бүлөнүн жашаган жери жана документтери жок болгону белгилүү болгон. 

"Вице-премьер Гулмира Кудайбердиеванын берген маалыматына ылайык, Исхактын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлдү. Бүгүнкү күндө Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан апасы Зулфия Үсөновага паспорт, балдарына күбөлүк алып берүү маселеси каралууда", — деп айтылат маалыматта. 

Ал эми Ош облустук администрациясы тарабынан үй-бүлөнүн турак-жай маселеси чечилип жатат. 

Тема:
Картондо уктаган Исхак жана үйсүз калган үй-бүлө (13)

Тема боюнча

Картондо уктаган бала: Исхактын үй-бүлөсүнүн документтери жок болуп чыкты
Атамбаев Кара-Суунун базарында картондо уктаган баланын чоо-жайын тактоону тапшырды
Белгилер:
жардам, үй бүлө

ЭҢ МААНИЛҮҮ