II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанаты качан башталат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБиринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанаты. Архив
Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанаты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Ысык-Көл облусунда 2016-жылдын 3-8-сентябрында өтөт.

БИШКЕК, 2-сен.— Sputnik. Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын (ДКО) ачылыш салтанаты эртең, 3-сентябрь күнү саат 20:30да Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо өтөт. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы билдирди. 

Ысык-Көлдүң пляжы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурундагы аба ырайы
Маалыматка ылайык, эл аралык иш-чаранын ачылыш салтанатын КТРК түз алып көрсөтөт. Мындан сырткары, калган жалпыга маалымдоо каражаттары, анын ичинде Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу ретрансляция кылышат. 

Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Ысык-Көл облусунда 2016-жылдын 3-8-сентябрында өтөт.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү.

Жаңылыктар түрмөгү
0