Эң мыкты "Мото леди" аталган кыз жаңы мотоциклге ээ болот

© Sputnik / Табылды КадырбековМотосезондун ачылышындагы кыз. Архив
Мотосезондун ачылышындагы кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конкурс үч этап менен өтүп, анын бирөөсү мотоцикл менен сыйланат.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кыргызстанда "Мото Леди 2016" конкурсуна катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу жүрүп жатканын мотоциклчендер коомунун төрагасы, уюштуруучулардын бири Аскат Сеитбеков билдирди.

Баш байге — 2,5 миң долларлык жаңы мотоцикл.

Кыргызстан сулуусу сынагын Нурпери Акылова жеңип алды - Sputnik Кыргызстан
"Кыргызстан сулуусу" сынагын Нурпери Акылова жеңип алды
Конкурска 18 жаштан жогорку курактагы кыздар катыша алат. 

17-июнга чейин арыз берген кыздарга 40 пайыздык жеңилдик каралган. Ал эми 1-июлга чейин арыздарын тапшыргандарга 20 пайыз жеңилдик берилет. Конкурска катышуу үчүн арыз тапшыруунун баасы 500 сом.

Конкурс үч этап менен өтөт. Анда мотоциклди айдоонун теориясы, мотоциклди айдоо жана фото конкурс камтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0