Кыргыз футболчулары май куюучу бекетти тейлешет

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүМай куюучу бекеттин кызматкери. Архив
Май куюучу бекеттин кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беш футболчу май куюучу бекеттин кызматкери катары кардарларга кызмат көрсөтөт.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары бир жарым саат май куюучу бекетте иштешет. Бул тууралуу КРдин футбол федерациясы билдирди. 

Федерациянын компаниялардын бири менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан акциясы Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата уюштурулууда. 

Футбол боюнча КР курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын курама командасы өлкөнүн учурдагы чемпиону менен ойнойт
Футболчулар Азамат Байматов, Виталий Люкс, Тамирлан Козубаев, Фархат Мусабеков жана Эдгар Бернхардт 31-май күнү саат 13:00дөн 14:30га чейин Жибек Жолу проспектисинде жайгашкан май куюучу бекетти тейлешет. 

Мындан сырткары, акциянын алкагында ар кыл конкурстар уюштурулуп, 15 футбол тобу ойнотулат. 

Иш-чарадан түшкөн каражат ак кан илдетинен жабыркагандарга эмерек сатып берүүгө жумшалат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0