06:46 26 Бирдин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.6796
  • EUR103.3811
  • RUB1.1525
Коом
Кыскача шилтеме алуу
118260

Рак дартына чалдыккан наристеге акча дүйнөнүн булуң-бурчунан чогулду. Буга чейин балага россиялык ырчы Нюша да жардам берген.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Ырчы Аяна Касымова кайрымдуулук концертинен түшкөн акчасын рак оорусуна кабылган 1,5 жаштагы Айдарга берип жиберди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ырчынын атасы жана продюсери Айзар Касымов билдирди.

Балага операция жасоо үчүн жети миллион рубль керектелип, каражат дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан чогулган. Ал эми россиялык ырчы Нюша 300 миң рубль берген. Жүлүнүн алмаштыруу үчүн жасалган операция 21-апрелде ийгиликтүү өттү. Учурда Айдар реабилитациянын оор учурунан өтүп жатат.

Айзар Касымовдун айтымында, Аяна социалдык тармактарда бала тууралуу уккандан кийин Бишкекте жергиликтүү эстрада жылдыздарынын катышуусу менен концерт өткөргөн. Андан түшкөн 73 миң 837 рубль атайын эсепке которулган.

"Концертке баланын чоң атасы келди. Биз акчаны ага берели деп ойлогонбуз, бирок ал атайын эсепке которууну сунуштады. Эртеси эле каражатты которуп койдук", — деди продюсер.

Москвада Айдардын үй-бүлөсүнө жардам берип келген кыргызстандык Жылдыз Осмонова Facebook тармагындагы баракчасына Касымова акча которгонун жазып чыкты.

Баланын агасы Тилек Умаралиевдин айтымында, учурда баланын абалы канааттандырарлык, бирок дарыгерлер реабилитация Айдар үчүн өтө оор болуп жатканын белгилешүүдө.

Тема боюнча

Атактуу орус ырчысы Нюша жардам берген 1,5 жашар Айдарга операция жасалды
Белгилер:
рак, концерт, акча, Аяна Касымова

ЭҢ МААНИЛҮҮ