БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Таш-Көмүр шаарында өрттөн жабыркап үй-жайсыз калган 11 үй-бүлө үчүн лицейдин жатаканасына жайгаша турганын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, 21-декабрга караган түнү барак тибиндеги үйдө өрт чыгып, милиция кызматкерлери тургундарды алып чыгууга үлгүргөн. Турак жай өткөн кылымдын 30-жылдарында салынып абдан эски болгондуктан, аны сактап калууга мүмкүн болгон эмес.
Туугандарыныкына жана мейманканага жайгашкан жабырлануучулар үчүн учурда лицейдин жатаканасы ремонттоло баштады. Ага шаардык мэрия 500 миң сом акча бөлдү. Мындан тышкары, кечээ Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 60 миң сомдук гуманитардык жардам жеткирилген.