00:29 30 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.8490
  • RUB1.1195
Коом
Кыскача шилтеме алуу
12499220

Ар бир кыргыз баласы салт-ырымдарды колдонот же буга чейин колдонгон. Булардын наристенин өсүшүнө, жетилишине кыйыр же түз таасири болорун окумуштуулар четке какпайт. Андыктан бул каада-салт, ырым-жырымдарды колдонуу ар бир кыргыз үй-бүлөсүнө буюрсун деген тилек менен макалабызды сунуштайбыз.

Кыргыз элинин да башкалардай эле адам жаралгандан баштап, бул дүйнөдөн узап кеткенине чейин аны коштоп жүрчү жана элдин улуттук өзгөчөлүктөрүнө, ишенимдерине, менталитетине, турмуш шартына жараша салттары, ырым-жырымдары бар. Бул сапар Sputnik бөбөктүн жарык дүйнөгө келген күндөн эрезеге жетип, жигит болоруна чейинки жөрөлгөлөргө токтолот.

Бизге бул жаатта тарых илимдеринин кандидаты, этнограф Абдымиталип Мурзакметов көмөк көрсөттү.

Манас эпосу. Архив
© Фото / Отдел информационного обеспечения Академии наук КР
1. Сүйүнчүлөө. Бала жарык дүйнөгө келер замат, кубаныч коштогон кабар менен ымыркайдын чоң ата, чоң энесине, таята, таенесине биринчи иретте сүйүнчүлөшкөн. Адатта бул "Сүйүнчү" деген сөз менен коштолот. Ага "Болсун!" деп жооп айтып, жакшы кабар үчүн бере турган сыйлыгын аташкан. Баланын тайлары (таята, таекелери) сүйүнчүлөгөн кудаларына "Болсун, сүйүнчүңө бир тай", "Болсун, сүйүнчүңө, козу" дешкен. Сүйүнүчүгө азыр негизинен акча беришет. Сүйүнчү сураганды кур кол кетирүүгө болбойт, жок дегенде, жанындагы бир буюмун убактылуу кармата туруп, кийин атаганын берген. Уул төрөлсө, "бөрү", кыз төрөлсө, "түлкү" деп сүйүнчүлөшкөн. Бул бир жагы, алардын мүнөздөрүнүн окшоштугунан (бөрүнүкү-уулга, түлкүнүкү-кызга) келип чыкса, экинчи жагы, бөбөктүн төрөлгөнүн жин-шайтандан жашыруу үчүн да айтылган. Кыздын төрөлгөнүн "кырк жылкы" деп сүйүнчүлөгөн учурлар бар, мунун себеби түшүнүктүү — себеби атасы кызын күйөөгө узатканда калың алат да. Бул салт XI кылымда жашап кеткен бабабыз Махмут Кашгаринин айтылуу "Сөздүгүнөн" учурашы анын көөнө мезгилдерден бери жашап келе жаткандыгын көрсөтөт.

2. Оозантуу. Төрөлгөн баланы сары май менен оозантып, бөбөккө жакшы келечек каалашат. Адатта бул жөрөлгөнү байбичелер, ымыркайдын чоң энеси, таянеси жасайт. Бул ырым менен "баланын өмүрү майлуу-сүттүү болсун", "жегени дайым май болсун", "дайым май чайнасын", "малдуу-жандуу болсун", "кем болбосун", "жокчулук, карчылык тартпасын" деген тилектерин билдиришкен. Энеси менен ээрчип келген кичине баланын оозуна кайсы эле үйдөн болбосун, үй ээси май салган, бул ырым чоңойгондо жалганчы болуп калбасын деген тилек менен жасалчу. Азыр үйүнө биринчи жолу келген кичине балага ырым кылып акча-тыйын же кийим кече берип коюшат. Мунун дагы бир мааниси наристеге көз тийбесин, акысын бердим дегенди билдирет.

3. Ат коюу. Бөбөк жарык дүйнөгө келери менен ага ат коюлат. Бул азан чакыруу менен коштолот. Кыргызда ат коюу боюнча ар кандай ырымдар бар. Маселен, ымыркайдын аты өтө оор болбошу керек, антпесе, аны көтөрө албайт деп айтылат. Мисалы, Манас ысымы. Андан сырткары, үй-бүлөдө жалаң эркек же кыздар төрөлө берсе, Бурул, Жаңыл, Кайрылса, Токтобүбү деген аттарды коёт. Токтосун, Токтогон, Токтогул ысымдары жөн жерден берилбейт. Аны көптөн бери бала токтобой, эненин боюнан түшүп же төрөлгөндөн кийин чарчап кала берген бүлөдө төрөлгөн ымыркайга беришет. 

4. Жентек берүү. Бала төрөлгөндө ата-эненин жакшы санаалаштары, чоң ата, чоң эненин кудалары, достору жентектеп келишет. Бул чакан тойчук. Ата-эне жентекти жарык дүйнөгө жаңы келген наристенин урматына берип, тууган-урукту, жолдош-жорону, кошуна-колоңду чакырып, дасторкон жайып, эт тартып, даам сыздырган. Жентек үчүн атайын күн мурунтан карынга сары май куюлуп, баланын төрөлүшүнө деп сактаган. Аны бузуп, алды менен бөбөктү оозантып, үйдүн карысына ооз тийгизишкен. 

5. Баланын кыркын чыгаруу. Бала төрөлгөндөн кийинки кырк күн наристенин өмүрү үчүн өзгөчө кооптуу деп саналып, бул мезгил аралыгында балага өзгөчө аяр мамиле кылып, андан кийин ымыркайдын кыркын чыгарууга айрыкча маани берилген. Кыргыздарда ал күнү кырк токоч жасап, коңшу-колоңдорго чай берилген. Байбичелер жакшы тилектерин айтып, дагырага (чылапчынга) кырк кашык суу куюп, баланы ошол сууга киринтишкен. 

Баласынын кыркын чыгарганга чейин аял колун муздак сууга салбай, таштан, темирден жасалган муздак буюмдарга колун тийгизген эмес. Бул жаңы төрөлгөн бала ташбоор, мээримсиз болуп калбасын деген ырым болчу. Баланын атын кыркы чыкканга чейин айтпай, ар кандай эркелеткен аты же жаныбарлардын балдарынын аты (күчүк, козу ж.б.) менен чакырган. 

6. Баланын чачын алдыруу. Ымыркай жарык дүйнөгө келгенден бир нече күндөн кийин чачтарын, тырмактарын алуу ырымы болот. Өскөн чачы менен тырмагы бала эненин курсагынан чыккандан кийин да жашоосу кадыресе уланып жаткандыгынын белгиси деп бааланат. Бөбөктүн кыркын чыгарган күнү анын карын чачын да алышкан. Ымыркайга кирген кирине карын чач алынмайынча чыкпайт деп айтышат. Баланын чачы адамдын буту баспай турган, жашыруун жайга катылган. 

Жаш баланын биринчи чачын кадыр-барктуу, сыпайы мүнөздүү адамдардын бирине атап койдук деп, ошол адамдын өзүнө барып да алдырышкан. Шарт боюнча эркек адамдын чачын аялга алдыртпайт, эркек кайратсыз болуп калат деген ишеним бар. Эгер бөбөк чоңойгончо чачы чыкпаса, анын баш кийимин эшекке жыттатып ырымдашкан.

7. Көрүндүк суроо. Ымыркайга той бергенде, жентек жедиргенде келгендерден адатта көрүндүк сурашат. Келген тарап, баланы көрүү үчүн акча беришет. Көрүндүктү баланын чоң энеси, же баланы көтөрүп турган тестиер кыз алат. Көрүндүксүз көрсө, бөбөк кийин өңү серт, көзгө сүйкүмсүз болуп калат деген ишеним белгилүү. Ошол себептүү кокустан жолугуп, жанында көрүндүккө берерге эч нерсеси жок болуп калгандар: "Көркү жок болуп эле аман-эсен чоңоюп, эл ичинде жүрө берсин" деп, баланын мурдунан чымчып өөп коюшат. Көрүндүктү кийин берем деп убада кылып, баланы көрүп, кийин айтканын берсе да болот. Албетте, адам көрүндүктү өзүнүн кадыр-баркына, мүмкүнчүлүгүнө, баланын ата-энеси, туугандары менен болгон мамилесине жараша берет.

8. Бешик той. Абалтадан кыргыздар баланы бешикке бөлөп келген. Учурда деле көп үй-бүлөлөр, өзгөчө айыл жеринде баланы бир-эки жашка чейин бешикке бөлөп чоңойтушат. Ал эми бешикке салуу – бөбөккө бата сурап, айыл-апаны, илик-чатышты, тууган-урукту чакырып берген чоң той менен коштолот. Эл тойдун аягында балага бата берип, кең келечек каалашат. Азыр шаарда же район борборлорунда бешик тойду ири кафелерде, ресторандарда өткөрүү кеңири жайылган. 

9. Тушоо кесүү. Бала там-туң басып калганда жасала турган ырым. Ал бешик тойго караганда чаканыраак болот. Баланын эки бутун эшилген ала жип менен арчындап, тушайт. Бөбөктү эки колунан ата-энеси же өзүнөн улуулар кармап турат. Ал эми андан 20-30 метрдей аралыкта чогулуп алып жарышып чуркап келген тестиер балдардын алдыга чыкканы бөбөктүн бутун тушаган ала жипти алдын ала даярдап туруп колуна карматкан бычак менен кесиши керек. Бул жеңиши үчүн ага баш байге менен кошо ошол бычак белекке тиет. Ал эми калгандарга атайын даярдалган байгелер тапшырылат. 

Тушоосу кесилген баланы дароо ары-бери жетелеп бастырып, тегеректегилер жакшы тилектерин айтат. Андан соң атайын чачыла чачылып, аны ошол жерде чогулган эл улуу-кичүү дебей, талаша терип кетиши керек. Баланын бутун тушаган жипти кесүү мындан ары жолу ачык болсун, кадамы так шилтенип, турмушунда мүдүрүлдөсүн деген символикалык маанидеги ырым.

10. Сүннөт. Муну баланы отургузуу деп да аташат. Баланы сүннөткө отургузуу ар бир ата-эненин ыйык милдети. Бул ислам дининдеги элдин, анын ичинде кыргыздардын мусулманчылыктагы негизги шарттарынын бири. Баланы 3, 5, 7 жашында отургузат. Кыргыздарда бул ырымга чоң маани бериле турганын окумуштуу, этнограф Абдымиталип Мурзакметов төмөнкүчө белгилейт. "Жаш баланы 2, 4, 6, 8 жашында сүннөткө отургузбайт, жуп жашында отургузган бала сезгенип, кийин балалуу болбой калышы мүмкүн деп этияттанышкан. Эгерде баланы жай айларында, саратанда отургузса, ысыкчан болуп, ал кийин жалаң уулдуу болот, ал эми, тескерисинче, жазында же кеч күздө сүннөткө отургузулган баладан болочокто кыздар гана туулат, себеби суукчан болуп калат деген ишеним бар", — деп ал. Мурда балдарды тажрыйбалуу аксакалдар, атайын адамдар отургузуп келсе, учурда бул медициналык жайларда кадыресе эле жасалып калды. Баланы отургузгандан кийин ата-энеси той өткөрүп, элден бата алат. Бул азыр деле маанисин жоготпой келе жаткан салттардын бири. 

Мүчөл той. Эркек бала 12 жашка чыгып 13кө караганда, бир мүчөл болду деп эл чакырып, той берилет. Аны кадимкидей эле "Чоң той" деп аташат жана ал бешик тойдон кем болбойт. Элден бата алып, жигитчиликке баш койгон баланын башына кызыл жоолук байлашат. Бул уул баланын чоң турмушка аттангандыгынын символу катары саналат.

Ата-эненин кийинки милдети кыз же уул эрезеге жеткенден кийин, үйлөнтүп же күйөөгө узатуу. Анда да өзүнчө салт-жөрөлгөлөр жасалат. Бул туурасында кийинки макалаларыбызда токтолмокчубуз.

Тема боюнча

Президент Кызыл-Кыядагы төрөт бөлүмүнө медициналык жабдуу сатып бермей болду
Белгилер:
этнограф, каада-салт, бала, Абдымиталип Мурзакметов

ЭҢ МААНИЛҮҮ