17:09 21 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.7890
  • EUR77.9334
  • RUB1.0945
Шаардан өткөн электр зымдары. Архив

"Түндүкэлектро" бороондон кийинки зымдардын 23 үзүлгөн жерин кайра калыбына келтире элек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Катуу шамалдын кесепети (17)
45 0 0

"Түндүкэлектро" компаниясына шамал үзүп кеткен электр зымдары боюнча 590 арыз келип түшкөн.

БИШКЕК, 11-июнь — Sputnik. "Түндүкэлектро" ААК дүйшөмбү күнү болгон катуу шамалдан үзүлгөн электр зымдарын кайра калыбына келтирүү иштерин улантып жатат деп билдирди компаниянын маалымат кызматынын жетекчиси Гуля Мураталиева.

Дүйшөмбү күнү саат 20.00 чамасында башталган катуу шамал кум-чаң, таштандыларды асманга көтөрүп, дарактар менен жарнама мамыларын кулатып, имараттардын жабууларын сыйрып жана электр зымдарын үзүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, шамалдын ылдамдыгы секундасына 25-27 метрге жеткен. Натыйжада сегиз автоунаа жабыркап, 80ден ашуун дарак жана үч жарнама мамысы кулап калган.

Катуу соккон шамалдын жана нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен дүйшөмбүдө Бишкектин Чыгыш РЭСине караштуу 10/6-0,4 киловольттук 90 электр зымы үзүлүп, 55 трансформатордук подстанциянын жабдуулары жабыркаган жана 10/6-0,4 киловольттук электр жарыгын берүү линияларынын тирегичтери кулаган. 

Чыгыш РЭСинин диспетчердик кызматына 8-июндан 10-июнга чейин 205 арыз келип түшкөн.

"Бүгүнкү күндө борбор калаанын чыгыш бөлүгүндө үзүлгөн 77 электр зымы кайра калыбына келтирилип, 45 трансформатордук подстанция оңдолду, ошондой эле электр жарыгын берүү линияларынын кулап калган сегиз тирегичи алмаштырылды. Азыр дагы абоненттердин 38 арызы боюнча иш жүрүп жатат", — деди Мураталиева.

Борбордун Батыш РЭСинде бороон-чапкын учурунда 102 электр зымы үзүлүп, 27 трансформатордун подстанциянын жабдуулары жабыркаган жана төрт электр жарыгын берүү линиясынын тирегичи кулап калган.

"0,4 киловольттук линиялар боюнча Батыш РЭСинин диспетчердик кызматына 385 арыз келип түштү. Азыр абоненттердин 35 арызы боюнча иштеп жатабыз", — деп билдирди маалымат кызматынын жетекчиси.

Учурда электр оңдоочулардын 30 токтоосуз чара көрүү тобу авариялык бузулуулардын үстүндө иштеп жатат деп сөзүн аяктады Мураталиева.

Тема:
Катуу шамалдын кесепети (17)

Тема боюнча

Бороондуу шамалдан кийинки эмен паркы
Бороондуу шамал 30 светофорду иштен чыгарды
Ысык-Атадагы шамалдан бак кулап, дагы бир жаран каза болду
Белгилер:
"Түндүк Электр" ишканасы, электр зымы, кайра калыбына келтирүү, шамал, РЭС, "Электр станциялары" ААК, Гуля Мураталиева, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ