Премьер-министр Темир Сариев кол койгон буйрукка ылайык, Ысык-Көлдүн жээгиндеги Өзбекстан колдонуп келген объектилер Кыргызстандын мамлекеттик менчигине өтөт. Мындай чечим өкмөттүн кезексиз жабык жыйынында кабыл алынды.