Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Асканова тууралуу эмне белгилүү

© Sputnik / Табылды КадырбековНуркамал Асканова
Нуркамал Асканова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2021
Жазылуу
Нуркамал Асканова 1960-жылы Нарын облусуна караштуу Тянь-Шань районундагы 8-март айылында туулган.
Орто мектепти аяктагандан кийин Бишкек шаарындагы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтуна тапшырып, уюштуруучу-методист адистиги боюнча жогорку билимге ээ болгон.
Эмгек жолу:
  • 1993 — Мамлекеттик телерадио компаниясына режиссёрдун ассистенти кызматына кабыл алынган;
  • 2000-2006 — "Шок-факт" көрсөтүүсүнүн алып баруучусу жана редактору;
  • 2002-2008 — укуктук багыттагы көрсөтүүлөрдүн уюштуруучусу жана режиссёру;
  • 2003 — Москвадагы телекөрсөтүү кызматкерлеринин билимин өркүндөтүү институтунан таалим алган;
  • 2007 — дайынсыз жоголгон жарандарды издеп, иликтеген "Кайдасың" көрсөтүүсүнүн редактору жана уюштуруучусу;
  • 2013-2014 — Россиянын аймагындагы кыргыз мигранттарынын турмушун чагылдырган "Кыйырдагы кыргыздар" көрсөтүүсүнүн редактору жана уюштуруучусу;
  • 2021-жылдын февраль айына чейин КТРКнын саясий-социалдык багытта иш жүргүзгөн "Маалымат" бөлүмүнүн баяндамачысы.
  • 2021-жылдын 1-февралынан тарта президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы.
Сыйлыктары:
  • 2003-2014 — НТРК, УТРК, КТРК ардак грамотасы;
  • 2006 — ТВ отличниги;
  • 2007 — "Жылдын мыкты долбоору";
  • 2010 — "Мыкты журналист";
  • 2015 — "Маданияттын мыкты кызматкери";
  • 2019 — КР Жогорку Кеңешинин ардак грамотасы;
  • 2019 — өкмөттүн ардак грамотасы менен сыйланган.
Жаңылыктар түрмөгү
0