Иззат Артыков. Өмүр баяны

© AFP / GOH Chai HinИззат Артыков. Архив
Иззат Артыков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иззат Артыков Рио-2016 Олимпиадасынын коло медаль ээси. Азия чемпиону. Оор атлетика боюнча спорттун эл аралык чебери.

1993-жылы 8-сентябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунда төрөлгөн. 

2-классынан тартып спорт менен машыгып келет. 7-класстан тартып Бишкек шаарына келип, профессионалдык спорт менен машыгып баштаган. 

Риодо коло медаль тагынган Иззат Артыков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Иззат Артыковдун энеси Малика: уулумдун чемпион болорун сезип, спортко жетелеп баргам
2009 — Ташкентте өткөн өспүрүмдөр арасындагы Азия биринчилигинде коло медаль тагынган;
  • 2012 — Мьянмада өткөн Азия биринчилигинде экинчи орунду ээлеген;
  • 2015 — Пхукеттеги Азия биринчилигинде коло тагынган;
  • 2016 — Ташкентте өткөн турнирде Азия чемпиону атанган.
  • Машыктыруучусу — Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Үсөнкан Майназаров.

    Үй-бүлөлүү. Учурда келинчеги кош бойлуу.

    Иззат Артыковдун жеңишке жеткен ирмемдерин Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн караңыз>>

    Жаңылыктар түрмөгү
    0