Аалы Токомбаев (Балка) — өмүр баяны

© Sputnik / А. Абдыгулов / Медиабанкка өтүүПисатель Аалы Токомбаев
Писатель Аалы Токомбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз эл жазуучусу, кыргыз жазма адабиятын түптөөчүлөрдүн бири Аалы Токтомбаевдин өмүрү жөнүндө Sputnik Таржымалынан таанышыңыз.

Аалы Токомбаев (Балка) 1904-жылы Чүй өрөөнүндөгү Кемин районуна караштуу Кайыңды айылында туулган. Расмий документтерде туулган күнү 7-ноябрь аталып жүрөт. Чынында, жазуучу өз эскерүүлөрүндө жаңы совет доорунун башталышын билдирген бул Октябрь революциясынын күнүн өзүнүн жаңы жашоосунун башталыш белгиси катары туулган күн деп белгилеп алган. 

Установка светодиодных подсветок памятников на бульваре Эркиндик - Sputnik Кыргызстан
Жоомарт Бөкөнбаев — өмүр баяны
Аалынын энеси Уулбала сөзмөр, элдик оозеки чыгармаларын, уламыш-жомокторду, кошок-армандарды өтө жакшы айта билген аял болгон. Аалынын адабиятка болгон шыгы дал ошол энесинин айтып берген тγркγн жомок-ырларынын таасири менен калыптанган.

Жазуучу өзүнүн "Автобиографиялык фрагментинде" энеси жөнүндө мындай эскергени бар: "Кычыраган кыштын узун, суук тγндөрγндө балдардын ортосуна олтуруп алып, жай-баракат гана ушул сыяктуу эчен тγркγн кошок, эчен тγркγн укмуш жомокторду айтуучу. Табышмак, жаңылмачтарды, кыз оюндарда ырдала турган элдик ырларды өзү чыгарып айтар эле".

1916-жылы үркүндө Аалы да γй-бγлөсγ менен Кытай жерине качып барган. Ал жактагы азган-тозгон элдин көбү ачкачылыктан, жайылып кеткен келте оорусунан кырылып калганда, Аалы Токомбаевдин да беш бир тууганы каза болгон. 

Жыл айланып, Аалы эл менен кошо өз жерине кайра кайтат. Жолдо келе жатып Кочкордо атасы Токомбайдан, көп узабай энеси Уулбаладан ажырайт. Тоголок жетим калган болочок жазуучу, көрүңгөндүн эшигин кагып, кайыр сурап күн көрөт. 

1922-жылы Ташкенттеги советтик партиялык мектепке кабыл алынат. 1923–1927-жылдары Ленин атындагы Орто Азиялык Коммунисттик университетте окуйт. 

Свякбай Каралаев - Sputnik Кыргызстан
Саякбай Каралаев — өмүр баяны
Аалы Токомбаев өмүрлүк жубайы Зейнеп Сатбаева менен 1926-жылы Ташкен шаарында Орто Азия коммунисттик университетинде окуп жүрүшкөндө баш кошушкан. Алар төрт балуу болгон. 

Окуусун аяктап келип Чγй эл агартуу бөлγмγнγн башчысы, андан соң 1929-жылга чейин кыргыздын алгачкы басмаларынын бири "Кызыл Кыргызстан” гезитинин редактору, 1930–1931-жылдары Москвадагы Борбордук басманын кыргызча секторунун редактору, андан кийин Кыргызмамбастын башкы редактору болуп иштейт.

1934–1949-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкарммалыгына төрагалык кылып, бир эле мезгилде "Советтик Кыргызстан" журналынын башкы редактору болгон. Кийинчерээк СССР Илимдер академиясынын Кыргызстандагы филиалынын Тил, адабият жана тарых институтунун директору, 1955–1956-жылдары "Чалкан" сатиралык журналынын башкы редактору болгон. 

Кыргызстандын басмасынын тарыхындагы алгачкы "Эркин-Too" гезитинин 1924-жылы 7-ноябрда чыккан биринчи санында акын А.Токомбаевдин "Октябрдьн келген кези" деген ыры басылып чыгат. 

Аалы Токтомбаев өзүнүн алгачкы чыгармаларынан тарытп эле Чалкар, Балка деген каймана аттарды колдонгон. 

Сынган кылыч туурасында 12 кызыктуу факты - Sputnik Кыргызстан
Төлөгөн Касымбеков — өмүр баяны
Акындын "Ленин тууралуу" деп аталган биринчи ырлар жыйнагы 1927-жылы Ташкентте басылып, 1936-жылы кайра оңдолуп, толукталып "Ленин" деген ат менен экинчи жолу жарык көргөн. 

Аалы Токтомбаев улутчул, Япониянын пайдасына иштеген чыккынчы деген жалган жалаа менен өз заманынын көптөгөн сабаттуу, алдыңкы адамдары менен катар 1937-жылы камакка алынып, 1939-жылы гана бошотулган. Ошол кезде акындын түрмөгө чейинки бардык чыгармалары жок кылынып кеткен. 

Жазуучунун "Таң алдында" романы 1967-жылы Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыган. Бул чыгарманын 1935-жылы "Кандуу жылдар" деген ат менен жарык көргөн биринчи китеби акындын көзү өткөндөн 1991-жылы орус тамгасы менен кайра чыккан. 

Аалы Токомбаевдин элγγдөн ашык ырлар жыйнагы, поэмалары, "Кандуу жылдар" романы, бир нече прозалык, драмалык чыгармалары, публицистикалык жана сын-макалалары кыргыз адабиятынын казынасына мурасында мураска калган. 

Жазуучу С.Маршактын балдар үчүн жазган жомктору менен ырларын, А.Кунанбаевдин Менин элим аттуу ырлар жыйнагын, Ж.Жабаевдин Тандалган ырлар жыйнагын кыргыз тилине которгон. Башка котормочулар менен биргелешип кыргызчалаган эмгектери да арбын. 

А.Токомбаевдин "Таң алдында" ырлар жыйнагы 1946-жылы орус тилинде жаык көргөн. Андан тышкары, "Көл толкуну" аттуу китеби украин тилинде (1975), "Досторго" аттуу китеби –өзбек тилинде (1975), "Биз жоокер болгонбуз" повести литва тилинде (1976), ошондой эле казак жана тажик тилдеринде жарык көргөн, ал эми кээ бир чыгармалары чет өлкөлөрдө жарыяланган.

Кыргыз элинин залкар акындарынын бири, улуу акын Токтогулдун шакирти Барпы Алыкулов - Sputnik Кыргызстан
Барпы Алыкулов — өмүр баяны
Аалы Токтомбаев 1934-жылдан тартып СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. 

1945-жылы Кыргыз ССРнин эл акыны наамын алып, 1954-жылдан баштап Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын анык мүчөлүгүнө шайланган. 1974-жылы Социалисттик Эмгектин Баатыры наамын алган. 

Аалы Токтомбаев өлкөнүн саясий турмушуна да катышып, бир нече ирет Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешине депутат, обкомдун мүчөдүгүнө, Кыргызстан КП БКнын мүчөлүгүнө талапкер болуп да шайланган. 

Эки Ленин, үч Эмгек Кызыл Туу, Октябрь революциясы, "Ардак белгиси" менен сыйланган. 

Акын жана жазуучу Аалы Токтомбаев 1988-жылы 84 жаш курагында каза болгон. 

Жазуучунун кичүү уулу Улан Токомбаев өз атасынын жолун жолдоп, колуна калем кармап ыр жазып, драматург, сценарист катары да таанылган. Ал КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер. Улан Токомбаевдин жубайы Светлана да белгилүү акын, уулу Шербото Токомбаев болсо орус тилинде ыр, аңгеме жазат. 

Акын Алыкул Осмоновдун портрети, автору Гапар Айтиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алыкул Осмонов — өмүр баяны
Совет доорунда Аалы Токтомбаев социалистик турмушту даңазалаган акын катары көбүрөөк таанылган коммунистик партия, Ленин жөнүндөгү ырлары менен көбүрөөк таанылганына карабай, акындын өмүргө, табиятка, үй-бүлөгө арналган чыграмалары арбын. Аларга мисал катары "Терегим", "Тил алса", "Энеке", "Жайкы таңда" сыяктуу ырларын атоого болот. Ошондой эле, Аалы Токомбаевдин бир нече ыры музыкага салынып эл арасында ырдалып жүрөт. Алардын ичинен сүйүү темасындагы "Мунарым" ("Муңдашым Мунар кайдасың", обону Асанкалык Керимбаевдики) аттуу ыры өткөн кылымдын 80-жылдарында өтө белгилүү болчу. 

Ошондой эле Аалы Токтомбаевдин "Күүнүн сыры" атуу повести кыргыз адабиятындагы сүйүү сезимин даңазалаган көрүнүктүү чыгармалардын бири. 

Аалы Токомбаевдин эстелиги Бишкекте Көркөм сүрөт музейинин жанында орнотулган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0