00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
От Олимпиады до Игр кочевников: каким будет спортивный год Кыргызстана
08:05
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Калктын экономикалык, финансылык сабаттуулугун көтөрүү керек — кадр маселеси качан чечилет?
09:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
10:04
27 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
10:32
26 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкө боюнча 820 жергиликтүү кеңеш өкүлү окутулду — депутаттар эмнени үйрөнүштү?
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге шарт түзгөн медициналык окуу жай
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу
13:05
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Өкмөт эми социалдык тармактын пикирин укпайбы? Байсаловдун позициясы

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМинистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов. Архив
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2021
Жазылуу
Эдил Байсалов Facebook тиркемесин смартфонунан өчүрүп салганын жана муну башка өкмөт өкүлдөрүнө сунуштай турганын айтты.
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов социалдык тармактар аркылуу коомдук пикирдин пайда болуусу боюнча аткаруу бийлигинин позициясын билдирди. Ал КТРК телеканалына маек курган.
Байсаловдун айтымында, алдыңкы демократиялык өлкөлөрдө социалдык тармактын пикирин көрсөткүч катары кабыл алуу, ошого жараша иш алып баруу туура эмес деп эсептелинет. Байсаловдун пикиринде, демократия — бул өлкө башчы менен парламент эркин шайлоодо тандалып, мөөнөтү аяктаганга чейин гана иштөөсү.
"Демократия — бул кайдагы бир бекерпоз, акмак жана билимсиз адамдын комментарий жазышы эмес. Мунун айынан канчалаган өкмөттүк программалар токтотулду. "Эл муну каалабайт экен, эл муну түшүнбөйт экен" дешти. Алдыңкы демократиялык өлкөлөрдө социалдык тармактын пикирин көрсөткүч катары кабыл алуу, ошого жараша иш алып баруу туура эмес деп эсептелинет. Эмнеге? Өкмөттүн узак мөөнөттүү планы болушу керек", — деди Байсалов.
Ал бийлик социалдык тармактын ар бир колдонуучусунун "пикирин угуп отурса" эмне болорун айтты.
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2021
Жапаров экономикадагы өзгөчө кырдаал тууралуу мыйзам долбоорду ЖКга кайтарды
"Үй курулуп жатканда жанына 600 киши туруп алып "мындай кур, тигиндей кур" деп буйрук берип турса, куруучу кантип иштейт? Ал эми 60 же 600 эмес, 6 миллион киши сүйлөсөчү? Силер эми 6 миллион киши туруп алып сүйлөп, өкмөт алардын какафониясын аткарганын демократия деп эсептейсиңерби? Жок! Сен белгилүү бир учурда шайланып, команда топтоп, иштей баштайсың. Албетте, коомдук пикирге көңүл буруу керек. Бирок мүнөт сайын чыккан кыйкырыктарга эмес", — деди ал.
Ошондой эле Байсалов өкмөт жарандык коомдун өкүлдөрү менен таптакыр башкача мамиле түзөрүн кошумчалады.
"Бирок социалдык тармакта отургандар өздөрүн өкмөт мүчөлөрүнөн акылдуу санаган учурларда эмес. Алар эл эмнени каалаарын жакшы билип, ал эми өкмөт адашып, аларды угат деген түшүнүк болбошу керек", — деди аткаминер.
Сөзүнүн аягында орун басар Facebook тиркемесин смартфонунан өчүрүп салганын жана муну башка өкмөт өкүлдөрүнө сунуштай турганын айтты.
Жаңылыктар түрмөгү
0