Министрлер кабинети жана жергиликтүү бийлик жөнүндө мыйзамдар кабыл алынды

© Sputnik / Эламан КарымшаковЖогорку Кеңештин жыйыны
Жогорку Кеңештин жыйыны - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2021
Жазылуу
Мыйзам долбоорлору президент Садыр Жапаров тарабынан сунушталган. Демилгелер ишке ашса аткаруу бийлигинин, мэр, аким, айыл өкмөт башчысынын укуктары өзгөрөт.
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары министрлер кабинети жана жергиликтүү бийлик жөнүндө Конституциялык мыйзам долбоорлорун жактырды.
Аталган документтерге бүгүн экинчи жана үчүнчү окууда добуш берилди.
"Министрлер кабинети жөнүндө" мыйзам долбооруна 83 эл өкүлү макул, экөө каршы болду.
Жогорку Кеңештин жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2021
Депутаттар көбөйөт. Райондук кеңеш түзүп, бюджетин негиздөө сунушталды
"Жергиликтүү мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзам долбоорлору бир мыйзам болуп бириктирилип добуш берилди. Натыйжада ага 80 депутат макул, үчөө каршы пикирин билдирген.
Белгилей кетсек, Конституциялык мыйзамдар кеминде 80 депутаттын макулдугу менен кабыл алынышы шарт. Бирок залда 50гө чукул гана депутат отурду. Кээ бир депутаттар эки-үч кесиптешинин ордуна добуш берди. Мисалы, Тазабек Икрамов төрт депутаттын ордуна добуш берген.
Аталган мыйзам долбоорлору президент Садыр Жапаров тарабынан сунушталган. Бул демилгелер ишке кирсе аткаруу бийлигинин, мэр, аким, айыл өкмөт башчысынын укуктары өзгөртүлөт.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0