16:22 20 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7931
  • EUR98.5847
  • RUB1.1933
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо (55)
4268 0 0

Президенттин жарлыгына ылайык, парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот. Депутаттар аралаш шайлоо системасы менен тандалат.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. БШКга Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышуу ниетин билдирип алты саясий партия кайрылды. Бул тууралуу Боршайкомдун маалымат кызматы билдирди.

Шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген. Катты берүүнүн акыркы мөөнөтү — 2021-жылдын 3-сентябры, саат 18:00.

БШКга кайрылган 6 партиянын тизмеси:

  • "Социал-демократтар";
  • "Улуттар биримдиги";
  • "Ишеним";
  • "Альянс";
  • Кыргызстандын "жашылдар" партиясы;
  • "Жаратман эл".

БШК шайлоонун өтө турган датасы белгиленгенден кийин беш календарлык күндүн ичинде аталган жараянга катыша турган саясий партиялар Борбордук шайлоо комиссиясына кат түрүндө билдирүү жөнөтүшү керектигин эскертет.

БШКга жазуу түрүндөгү билдирме саясий бирикменин жетекчисинин колу коюлуп, мөөрү басылып, ага партиянын уставынын көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлүп, тиркелип жөнөтүлүшү шарт.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоого катышуусу жөнүндө билдирме шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары бекитилген күндөн тартып башталат (6-сентябрга чейин) жана шайлоо күнүнө 45 календарлык күн калганда, тагыраагы, 2021-жылдын 13-октябрында (кошо алганда) аяктайт.

Өлкө башчысы Садыр Жапаров 29-августта Парламенттик шайлоонун күнүн 28-ноябрга белгиледи. Буга чейин депутаттарды шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзам кабыл алынган.

2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган Конституция боюнча Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Эл өкүлдөрүн шайлоонун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

Эске салсак, 27-августта парламент депутаттарын жаңы тартипте шайлай турган конституциялык мыйзам күчүнө кирген. Жаңы эрежеге ылайык, добуш берүүнү аралаш шайлоо системасы боюнча өткөрүү каралат. Жогорку Кеңеш саясий партиялардын тизмеси (54 мандат) жана бир мандаттуу округ боюнча (36 мандат) түзүлөт.

Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо (55)

Тема боюнча

Дагы эки партия парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү белгилүү болду
ЖК шайлоосуна кайсы партия биринчи болуп аттанды. БШКнын маалыматы
Белгилер:
Кыргызстан, БШК, шайлоо, саясый партия

ЭҢ МААНИЛҮҮ