Көл жээгине чогулган ЕАЭБдин өкмөт башчылары 15 документке кол койду. Тизме

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Чолпон-Ата шаарында өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны учурунда
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Чолпон-Ата шаарында өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2021
Жазылуу
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары 15 документке кол койду. Анын ичинде ар кандай багыттагы буйрук, тапшырма жана чечимдер камтылган.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарында өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Документтердин тизмеси:

  • "Товарларды ташып чыгууда белгиленген бир тараптуу тарифтик эмес чараларды, ошондой эле ташып чыгуучу бажы алымдарын жакындаштыруу жөнүндө" маселеси алкагындагы тапшырма;
  • "Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин өз ара жана тышкы соодасын камсыздандырууну колдоого алуу чаралары жөнүндө" буйрук;
  • "Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын 2021-жылдын 8-июнундагы № 63 чечиминин күчүнө кирүүсү жөнүндө" чечим;
  • "Шайкештикти баалоо жаатында аккредитациялоо боюнча Евразиялык (аймактык) уюмду түзүү жөнүндө" тапшырма;
  • "Евразия экономикалык биримдигинин жана үчүнчү өлкөлөрдүн өндүрүүчүлөрү үчүн Казакстанда айыл чарба техникасын жана жабдууларын сатып алуу программасына катышуу үчүн бирдей шарттарды камсыздоо жөнүндө" буйрук;
  • Климаттык күн тартибинин алкагында Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин көз караштарын жакындаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн жогорку деңгээлдеги жумушчу топту түзүү жөнүндө" буйрук;
  • "Автоматташтырылган чектеш соода-эсептик интеграциялашкан тутуму (АТТИС) долбоорун ишке ашыруу жөнүндө" тапшырма;
  • "Евразиялык экономикалык биримдиктин ички рыногундагы 2021–2022-жылдарга алып салуулар жана чектөөлөр тизими тууралуу" буйрук;
  • Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин бюджеттеринин ортосунда ташуу үчүн бажы алымдарынын суммасын эсепке киргизүү жана бөлүштүрүү жөнүндө" буйрук;
  • "2020-жылы Евразиялык экономикалык комиссиянын чечим, долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин баалоону жүргүзүү мониторинги жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын ар жылкы отчету тууралуу" буйрук;
  • "Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин 2019-жылдын 30-апрелиндеги №2 чечиминин 3-пунктуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" чечим;
  • "Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин 2021–2023-жылдарга координацияланган (макулдашылган) Транспорттук саясатын ишке ашыруунун негизги багыттары жана баскычтарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы ("жол картасы") жөнүндө" буйрук;
  • Евразиялык экономикалык биримдик алкагында органикалык айыл чарба продукциясынын жалпы рыногун түзүү боюнча иш-чаралар планы ("жол картасы") жөнүндө" буйрук;
  • "Евразиялык экономикалык биримдиги жана ага мүчө мамлекеттер бир тараптан жана Кытай экинчи тарапан соода-экономикалык өз-ара кызматташтыкты өнүктүрүү кызыкчылыганда темир жол жүк ташууларын санариптештирүү боюнча биринчи кезектеги иш-чаралар планы жөнүндө" буйрук;
  • "Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы эл аралык келишимдерди, үчүнчү мамлекеттер, алардын интеграциялык бирикмелери жана эл аралык уюмдар менен түзүлгөн Евразия экономикалык биримдигинин эл аралык келишимдерин, ЕАЭБ органдарынын чечимдерин расмий жарыялоо тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечим.

ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны Чолпон-Атада өтүп жатат. Ага уюмга мүчө-мамлекеттер: Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россиянын өкмөт башчылары жана ЕЭКтин төрагасы катышууда. Ал эми байкоочу катары Өзбекстан, Куба (видеоконференция аркылуу) премьер-министрлери кошулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0