00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Курорты и санатории: как идет реконструкция и за чей счет?
08:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу
09:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Рост товарооборота и новые инвестиционные проекты — беседа с торговым представителем РФ в КР
10:04
24 мин
Тема дня
Как дефицит воды меняет сельское хозяйство Кыргызстана
10:31
22 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салуу күчүнө кирди — иш кандай жүрүп жатат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жапаров Рахмонду Кыргызстанга чакырды. Президенттердин биргелешкен билдирүүсү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевӨлкө башчы Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон
Өлкө башчы Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2021
Жазылуу
Тажик лидери чакырууну ыраазычылык менен кабыл алганы жана иш сапардын мөөнөтү дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашылары айтылат.
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 29-июнда, Душанбе шаарында сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышты.
Эске салсак, Рахмондун чакыруусу менен 28-29-июнда Жапаровдун Тажикстанга расмий сапары болуп өттү.
Рахмон менен жолуккан Жапаров чек ара маселесин көтөрдү. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2021
Рахмон менен жолуккан Жапаров чек ара маселесин көтөрдү. Видео
Мамлекет башчылары саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү кыргыз-тажик мамилесинин абалын жана келечегин талкуулап, пикир алмашты.
Президенттер эки өлкөнүн ортосундагы 1996-жылдын 12-июлундагы "Мамлекеттер аралык мамилелердин негиздери жөнүндө" келишимде жана 2004-жылдын 26-майындагы "Ынак коңшулук жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндө" келишимде жазылган принциптерди жана милдеттенмелерди карманарын белгилеп төмөнкүлөрдү билдирди:
  • кыргыз-тажик мамилелери кылымдарды карыткан тарыхый байланыштарга, жалпы маданий жана руханий баалуулуктарга негизделген;
  • мамлекет башчылары достукту жана ынак коңшулукту сактоо үчүн өздөрүнүн жогорку жоопкерчилигин түшүнүп, эки мамлекеттин ортосундагы мамилелерди ырааттуу өнүктүрүү чечимин ырасташты;
  • президенттер кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдарды болтурбоонун жана тараптардын эл аралык милдеттенмелерди, укуктук ченемдерди сактоосунун зарылдыгын белгилешти;
  • мамлекет башчылар эки тараптын кызыкчылыктарын эске алуу менен өз ара ыңгайлуу шарттарда конструктивдүү диалог куруу жана пайда болгон маселелерди тынчтык жолу жана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү ниетин билдиришти;
  • өлкө башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашты. Алар бул боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында сүйлөшүүлөрдү тездетүүнү жана өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөнү жакташты;
  • президенттер кыргыз жана тажик эли илгертеден бери жашап, карманып келген достук жана ынак коңшулук принциптери өз ара алгылыктуу натыйжага жетишүүгө өбөлгө болот деген ишеничин билдиришти;
  • мамлекет башчылары саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө кызматташууну жандандыруу боюнча Борбордук Азия мамлекеттеринин биргелешкен аракеттерин улантууну жакташты. Региондогу өз ара аракеттенүүнүн жаңы атмосферасын калыптандырууга өбөлгө түзүүнү шарттаган Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушууларын туруктуу негизде өткөрүп туруунун маанилүүлүгүн белгилешти;
  • өз ара пайдалуу кызматташууга кошумча дем берүү жана аймактык туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында XXI кылымда Борбордук Азияда достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө беш тараптуу келишимдин түзүлүшүн биргелешип илгерилетүүгө даяр экендигин билдиришти;
  • президенттер мамлекеттер аралык диалогду өнүктүрүү үчүн зарыл болгон өз ара аракеттенүү механизмдери, биринчи кезекте мамлекеттер аралык координациялык кеңеш, эки тараптуу кызматташтык маселелерин комплекстүү карап чыгуу боюнча өкмөттөр аралык комиссия, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия жана Тышкы иштер министрлеринин кеңеши бар экендигин баса белгилешти;
  • 2021-жылдын экинчи жарымында эки тараптуу кызматташтык маселелерин комплекстүү карап чыгуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын Кыргызстанда өткөрүү тууралуу макулдашууга жетишилди.
  • президенттер кыргыз-тажик мамилелеринин парламенттер аралык багытынын маанилүүлүгүн белгилешти;
  • мамлекет башчылары эки өлкө ортосундагы өз ара соода көлөмүнүн төмөндөшүн белгилешти. Ушул контекстте соода-экономикалык кызматташтыктын пайдаланылбай жаткан потенциалын колдонуу үчүн тиешелүү чараларды көрүүнү жакташты. Алар өз ара ишкердик экономикалык миссияларын, экономиканын артыкчылыктуу багыттары боюнча көргөзмөлөрдү жана бизнес-форумдарды уюштуруунун зарылдыгын белгилешти;
  • президенттер Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймактарында товарларды контрабандалоо улантылып жаткандыгына тынчсызданганын билдиришти. Мындай жагдай эки тараптуу экономикалык мамилелерге зыян келтирет деп эсептешет;
  • президенттер мамлекеттин региондорунда агроөнөр жай комплексинде, маданий-гуманитардык жана илимий-техникалык чөйрөлөрдө биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жетиштүү мүмкүнчүлүктөр бар экендигин баса белгилешти;
  • региондорду жана андан сырткары жактарды экологиялык таза жаңылануучу энергия менен камсыз кылуу үчүн эки өлкөнүн эбегейсиз гидроэнергетикалык потенциалын өздөштүрүү боюнча эл аралык демилгелерин колдоого даяр экендиктерин билдиришти;
  • суу ресурстарын пайдалануу менен байланышкан эки тараптуу маселелерди кароо боюнча ведомстволор аралык кыргыз-тажик жумушчу тобунун ишин улантууга макулдашышты;
  • Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда электр берүү линияларын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде Борбордук Азия — Түштүк Азия CASA-1000 региондук электр берүү линиясын куруу боюнча кызматташууну улантуунун зарылдыгын белгилешти;
  • мамлекет башчылары Тажикстандагы этникалык кыргыздар жана Кыргызстандагы этникалык тажиктер үчүн ыңгайлуу жашоо шарттарын түзүүнү макулдашты;
  • президенттер элдердин жакындашуусуна, улуттар аралык жана маданий байланыштардын чыңдалышына өбөлгө түзгөн маданий иш-чараларды өткөрүү менен кыргыз-тажик маданий-гуманитардык мамилелерин активдештирүүнүн зарылдыгын белгилешти;
  • мамлекет башчылары БУУнун универсалдуу эл аралык түзүм жана мамлекеттер аралык байланыш маселелерин чечүү үчүн негизги аянтча катары статусун, ошондой эле анын эл аралык иштердеги борбордук координациялык ролун бекемдөөнү жакташат;
  • Садыр Жапаров Тажикстандын суу жаатындагы глобалдык демилгелерин жактап, 2020-жылдын 21-декабрында БУУнун Башкы ассамблеясы "2018-2028-жылдары "Туруктуу өнүгүү үчүн суу" эл аралык он жылдык аракеттердин максаттарына жетүүнүн жүрүшүн орто мөөнөттө ар тараптуу карап чыгуу боюнча БУУнун конференциясы" деген резолюциясын кабыл алгандыгын белгиледи;
  • Эмомал Рахмон Кыргызстан демилгелеген "Жаратылыш чектөөнү билбейт: Трансчекаралык кызматташтык — биотүрдүүлүктү сактоонун жана пайдалануунун маанилүү фактору" деген резолюциянын БУУнун Башкы ассамблеясынын 75-сессиясынын алкагында кабыл алынгандыгын кубаттады;
  • Жапаров Рахмондун 2025-жылды "Мөңгүлөрдү сактоонун эл аралык жылы" деп жарыялоо демилгесин кубаттаган;
  • Тажикстан президенти 2023-2025-жылдарга БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине Кыргызстандын талапкерлигин колдоду;
  • Бириккен Улуттар Уюмунун, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин, Шанхай кызматташтык уюмунун, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун, Ислам кызматташтык уюмунун, Экономикалык кызматташтык уюмунун, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун, Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешме жана башка эл аралык уюмдардын жана форумдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү улантылат;
  • Садыр Жапаров 2020-2021-жылдары Тажикстандын Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалыгын колдой тургандыгын айтты;
  • президенттер 2021-жылы ноябрда Бишкек шаарында "Европа бирлиги — Борбордук Азия" биринчи экономикалык форумунун Борбордук Азиянын премьер-министрлеринин жана ЕБдин жогорку өкүлдөрүнүн деңгээлинде өткөрүлүшүн кубатташты;
  • мамлекет башчылары эл аралык коалициянын аскерлеринин чыгып кетишине, ошондой эле өкмөткө каршы куралдуу элементтердин активдешүүсүнө байланыштуу Афганистандагы учурдагы аскердик-саясий кырдаалга тынчсыздануусун билдиришти;
  • президенттер Садыр Жапаровдун Тажикстанга жасаган расмий сапарынын жыйынтыгын канааттануу менен белгилеп, сүйлөшүүлөр эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүнө түрткү берерине ишеним артышкан.
Өлкө президенти тажикстандык кесиптешине меймандостугу жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, Эмомали Рахмонду расмий сапар менен келип кетүүгө чакырган. Чакыруу ыраазычылык менен кабыл алганы жана иш сапардын мөөнөтү дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашылары айтылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0